Menu

КР Бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусовдун экинчи жолу чет өлкөгө качып кетишине шарт түзүлдү

Бөлүшүү:

30-декабрь күнү Бишкектин Октябрь райондук соту КР Бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусовду КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренелери менен соттолуп жаткан жеринен үй камагына чыгарды.

Адамкул Жунусов Атамбаевдик режимдин учурунда, 2013-2016-жылдарда Бажы кызматынын төрагасы болуп туруп, туруктуу коррупциялык кылмыштуу уюшкан топ түзүп, бир эле кылмыштуу эпизоддон 166 млн сом мамлекеттик казынанын акчасын уурдап алган деп айыпталып, 2018-жылдын апрель айында кылмыш иш козголгон. Аны дароо эле камакка алган Каржы полициясы анын камакка алынганын коомчулукка ачыкка чыгарган эмес. Ошондуктан кылмыш иши ачылган Адамкул Жунусов тергөөчүлөргө 500 миң АКШ долларын берип, АКШнын Нью-Йорк шаарына качып кетиптир деп уу-дуу сөз болуп, алтургай ЖМКлар жазып чыгышкан.

Ошол эле 2018-жылдын августунда Каржы полициясы Адамкул Жунусовду сыртынан айыптап, кылмыш ишин сотко өткөрүп, сентябрь айында эл аралык издөө жарыялаган.

2018-жылдын 4-декабрында Адамкул Жунусов чын эле Нью-Йорк – Баку каттамы менен өзүнүн бизнес иштери боюнча учуп келгенде Интерполдун Азербайжан бөлүмү аны аэропорттон кармап, Кыргызстанга өткөрүп берген.

2019-жылдын апрель айында Адамкул Жунусовдун үстүнөн сот иштери башталып, бирок сот процесстерине бирде анын адвокаты, бирде өзү, бирде күбөлөрү келбей жатып, сот иштери эмнегедир бүтпөй, декабрга чейин созулду. Ал эми 30-декабрда соту бүтпөй жатып, үй камагына чыгарылды.

Окуялардын өнүгүшү айыпталуучу Адамкул Жунусовду соттобой туруп, экинчи жолу качырып жиберүүгө алып келаткандай. Бүгүн ага экинчи жолу укук коргоо органдары тарабынан чет өлкөгө качып кетүүгө шарт түзүлдү. Эгер эртең эле Адамкул Жунусовго кайрадан эл аралык издөө жарыялашса, буга таң калбай эле коюңуздар.

Баса, “Тазабек” экономикалык басылмасынын эсептери боюнча Адамкул Жунусов Кыргызстандагы эң бай 100 адамдын катарына кирет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: