Мүлк фондун жана Мамлекеттик байланыш агенттигин жетектеп турганда төбөсү чырдуу иштерден көрүнүп дамамат сын айтылып, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан катуу талаптар коюлуп иштен кеткен Алмаз Кадыркулов деген аткаминер бар эле. Иштен алынгандан кийин чээнге киргендей дымы чыкпай калган. Коомчулук кызматтык ишмердүүлүгү иликтенип, укуктук баа берилишин талап кылып келген. Эми ушул баскан изи мандемдүү, куйругунда калбыры бар делген Кадыркулов Тажикстандагы “Beeline” байланыш компаниясынын генералдык директору кызматына дайындалды. Тажик ММКлары Алмаз Кадыркуловду Кыргызстанда чоң ишканаларды жетектеген, байланыш тармагындагы мыкты тажрыйбалуу кадр катары жазып жатышат. Эми коңшу өлкө мүйүздүү болобуз деп кулактарынан ажырабаса болгону…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ