Орол шаарында жашаган жарандык активист Максат Айсаутов 18-июнда жергиликтүү ички иштер департаментине чакырылды. Анда ага казак бийлиги тарабынан экстремисттик деп табылган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартуу талабы жазылган эскертүү берилди.
Айсаутов ага бул талаптарды бузуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишкенин билдирди.
Ички иштер департаменти жумуштан алынганына нааразылыгын билдирип 31-майда акцияга чыккан мурдагы полиция кызматкери Албек Ергазиевге дагы ушундай оозеки эскертүү берди.
Полицияга былтыр шаардык соттун алдына пикетке чыккан оролдук Махсот Кубеев дагы чакырылган. Бирок ал учурда Орол шаарынын аймагында эмес болгондуктан, барган эмес.
Буга чейин үчөө тең – Айсаутов, Ергазиев жана Кубеев – 31-майдагы уруксат берилбеген акцияга катышкандыгы үчүн беш суткага административдик жазага тартылышкан.
19-июнга «Орол жумалыгы» деп аталган аймактагы коомдук-саясий гезиттин редакторлору Тамара Еслямова менен Рауль Упоров дагы полицияга суракка чакырылган.
Акыркы айларда социалдык түйүндөр менен мессенжерлерде «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын тарапташтары казакстандыктарды нааразылык акцияларга чыгууга үндөп келишет. Кыймыл БТА банктын мурдагы башчысы, учурда чет өлкөдө жашап жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов тарабынан негизделген.
Быйыл 13-мартта Астананын Есиль райондук сотунун чечими менен «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы экстремисттик деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ