Menu

Ооганстан: талиптер ок атпоо режимин улантуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Талиптер Жалалабад шаарынын четинде.

Ооган талиптеринин өкүлү өкмөт тарабынан сунушталган ок атууну токтотуу режимин улантуудан баш тарты. Бул тууралуу Франс-Пресс агенттиги талиптердин өкүлү Забихуллу Моджахеддинге шилтеме кылып жазды.

Можахед ок атууну токтотуу режими жекшемби кечинде аяктагандан кийин талиптер операцияларын уланта тургандыктарын билдирди. “Биздин ок атууну токтотуу режимин узартуу ниетибиз жок “, – деп билдирди ал.

7-июнда Ооганстандын президенти Ашраф Гани Рамазан айынын урматына бир тараптуу элдешүү жарыялаганын билдирген. Өз кезегинде талиптер өткөн жумада башталган ал элдешүү менен макул экенин белгилеген. Ишембиде Гани ок атпоо режими дагы узартыла турганын билдирген.

Жекшембиде Нангархар провинциясындагы Жалалабад шаарында теракт болуп, кеминде 10 киши каза болгон.

https://da.azadiradio.com/a/29293736.html

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: