Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул туралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен тарифтик жеңилдиктер каралып, аракеттеги мыйзамдын 8-беренесиндеги тарифтик преференциялар жана тарифтик квоталарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Башкача айитканда, эгер ЕАЭБдин бажы аймагында өндүрүлүүчү (казып алынуучу, өстүрүлүүчү) айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө окшош, үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылган товарлар Кыргыз Республикасына алынып келсе аларга карата тарифтик квота түрүндөгү алып келүүнү жөнгө салуу чарасы колдонулушу мүмкүндүгү каралууда. ЕАЭБдин бажы аймагына тарифтик квотанын белгиленген көлөмүнүн чегинде алынып келүүчү товарларга карата ЕАЭБдин бирдей бажы тарифинин алып кирүүдөгү бажы алымдарынын тиешелүү коюмдары колдонулаары белгиленген.
Талкууда бир катар депутаттар мындай мыйзам долбоорлору Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин эчак эле кабыл алынып, бүтүшү керектигин айтып, аткаруу бийлиги кечигип иш кылып жаткандыгын белгиледи.
Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ