Menu

Сатыбалдиев акыры камалды. Эл ыраазы!

Бөлүшүү:

Өзүн укмуштай сезген, Кыргызстандын ырыскысын оң-сол колу менен кочуштап, “жеген” Жантөрө Сатыбалдиев акыры камалды. Эл анын камалышын көптөн-көп күтүп келди эле. Демек, элдин үнү Кудайга жетиптир десек болот. Бул адамдын иштебеген жери деле калган жок. Бирок ошол иштеген жеринин баарында коррупциянын доору гүлдөгөнү баарыбызга маалым. Буга чейин ЖЭБдеги коррупция боюнча: Исаковду, Артыкбаевди, Кулматовду кошкондо 10 адам камалган. Он биринчиси жана эң башкысы болуп Сатыбалдиев темир тор астанасын аттады. Калыстык деп ушуну айт. Анткени, Сатыбалдиев Кытайдын ТВЕВ компаниясы менен туздөн-түз келишим түзүп, баарын башкарып, баарын жылдырып турган. Чынында бул адамдын былыгы абдан арбын. Маселен, Ош-Бишкек жолун салдыруудагы коррупция, андан кийин Ош Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекцияны жетектеп тургандагы коррупция. Кыскасы, айтып олтурса сөз арбын. Ошондуктан Жантөрө аксакалдын “муздак дубалдан” турган “жаңы үйү” өзүнө “кут” болсун дейли.

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: