Menu

Илимдин шпиондук жагы аныкталабы?

Бөлүшүү:

КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков кызматын ээлеп турганга моралдык укугу деле калбай калды өндөнөт. Анын жылжытма иштерин уккан адамдын төбө чачы тик турат. «Бир жарым миллион АКШ долларына алынды» делген ПТС машинеси КТРКда пайдаланылбай эле, жашыруун башка жактарга арендага берилип, өзүн актабай аткандыгы боюнча тийиштүү органдар ага кызыга башташыптыр. Бул жагдай тыкыр иликтенип ачыкка чыга турган болсо, Илим мырза эмне деп актанып, кимге барып жардам сурайт болду экен? Бул бир эле мисал. Ал жигит Кыргызстандын аймагынан байма-бай чыгып, коңшу Казакстанга барып КурСалиевичтин оң колу Оксана Малеваная жана кадимки эле Максим Бакиев менен скайп аркылуу сүйлөшүп турат экен (!) деген кеп тараганы чынбы? Эгер сүйлөшүп турары ачыкталса, негизги темалары эмне болду экен деген суроо туулат? А эмне үчүн Кыргызстанда эмес коңшу өлкөдө? Мээге ар кандай ойлор келет, мисалы, Кыргызстанда баардык телефондор тыңшалат деп атабы? Оксана менен Максимге өлкөдөгү абал боюнча жашыруун отчет берип турабы? Илимдин шпиондук жагы байкалып калды дегиче анын орду түз эле түрмөбү? Илим мырзага собол таштадык, жоопту чыдамсыздык менен күтөбүз.

Акын Бекчороев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: