Menu

Түркияда өзбекстандык саясий туткун Мухаммад Бекжандын китеби чыкты

Бөлүшүү:

Стамбулдагы Йитик шифо (Yitik Shifa) басмаканасы өзбек журналисти, мурдагы саясий туткун Мухаммад Бекжандын «Қўрқувнинг нариёғида» («Коркуунун нары жагында») деген китебин басып чыгарды. Азырынча китеп 10000 нускада өзбек тилинде чыкты.

Мухаммад Бекжандын айтымында, китеп орус тилинде жакынкы убактарда басылып чыгат. Ал Өзбекстан түрмөлөрүндө 18 жыл отуруп чыккан Музаммад Бекжандын эскерүүлөрүнүн негизинде жазылган.

Мухаммад Бекжан – оппозициялык «Эрк» гезитинин мурдагы редактору жана маркум президент Ислам Каримовдун башкы каршылашы эсептелген Мухаммад Салихтин иниси. Ал 1999-жылы мартта өзбек атайын кызматынын өкүлдөрү тарабынан Киевде уурдалып, Ташкентке учак менен мыйзамсыз жеткирилген.

Мухаммад Бекжан мекенинде ошол жылы февралда болгон жардырууларды уюштурган деп айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Сотто ал айыптарды толугу менен четке кагып, тергөө маалында кыйноого кабылганын билдирген. 2011-жылы түрмөдөн чыгаарына бир ай калганда анын камактагы мөөнөтү дагы 4 жыл 8 айга узартылган. Бул мөөнөтү 2017-жылы февралда аяктап, Мухаммад Бекжан эркиндикке чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: