Башкы прокуратура жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы соттордун ишине кийгилишкен айтылып жүргөн мурдагы жогорку кызмат адамдардын текшерээрин маалым кылды. Алгач, чү дегенде эле буга чейин президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев бутага алынганы турат. Анын үстүнөн “соттордун ишине кийгилишип , кадрдык маселелерди чечкен” деген фактылардын чын төгүнүн аныктоо үчүн текшерүү жүрөт. Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен 15 майда кызматынан бошотулган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ