2018-жылдын 23-июнунда Пакистанда Кыргызстандын Элчиси Эрик Бейшембиев Лахор шаарындагы “Punjab Agri-Экспо-2018” аталган чоң айыл-чарба көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Э.Бейшембиев Пенжаб облусунун убактылуу айыл-чарба министри Сардар Танвир Илиас мырза менен жана ошондой эле Пенджаб облусунун Айыл-чарба Департаментинин башчысы, Васиф Хуршид мырза менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Э.Бейшембиев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү зарылдыгын, ошондой эле кыргыз жана Пакистандын айыл чарба компаниялардын ортосундагы түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүү зарылчылыгын белгиледи.
Өз кезегинде, Пакистан тарабы “Punjab Agri-Экспо-2018” көргөзмө ачылышына катышуу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык айтып, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү үчүн толук даяр экендигин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ