– Рыскелди мырза, сиздин дипломуңузду жасалма катары жазышууда, эмне айта аласыз?
– Бул биринчи эле жолу болуп жаткан жери жок. Мени кайраштыра албай жатышат. Азыркы бийлик мененби, же мурдагы бийлик мененби?.. Буга чейин «Болот Сүйүмбаевдин, Мирбек Асанакуновдун, Икрам Илмияновдун диплому жасалма экен» деп жазышкан.
Бирок, далилденип, иш козголдубу? Козголгон жок. Андыктан, бул жолу мага асылышкандарын да убактылуу чагымчыл аракет катары кабыл алам. Бул чагымды кимдер уюштуруп, козутуп жиберип аткандарын да билем.
–Бул сиздин карманган позицияңызга байланыштуу дейсизби?
– Ошого байланыштуу.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ