Menu

Амалдуулар эле жыргай береби?

Бөлүшүү:

Мунун кымындай да калпы жок. Эпчил, шылуундардын баары эле уйдун желинин саагандай акчаны шыпылдатып алууга куштар. Салык инспектору дайыма өзүнө тийиштүү камоктордун, унаа жуугучтардын, сауналардын, ашканалардын чөнтөгүн соолутуп турууга ынтызар. Бажычы болсо өткөн, кеткен кичине, чоң унаалардын “рэкети” болуп алганын турмуштан көрүп эле жүрөбүз. Доктур болсо кайрылган сыркоолуунун диагнозун көз-көрүнөө бурмалап, өзүнө “кошелёк” болуп калган аптекага казазын толтуруп жиберүүгө кызыктар. Андан сырткары караганына кошумча акча алып, шордуунун шорпосун кайнатат. Зачет, экзамен дегендин өзү дарс окугандарга кыпкызыл акча деп койсок болот. Ансыз сабакка келбей калган студенттин багын мугалим ачпайт.

Эмнеси болсо да азыр баары акчанын керемети менен бүткөрүлөт. Жадегенде илимий иштерди жазууга билек түрүнгөндөр бар экенин ошол эле академиктер, профессорлор жакшы билет. Ал эми кызматка келем десең абдан чоң пара сурашат. Ар бир кызматтын керек болсо ставкасы коюлган. Ошентип соттор өзүнүн кардын тойгузууга, милисалар чөнтөгүн кампайтууга, контролерлор светтин акесин таанытууга кам көрүшкөн убагы. Керек болсо криминалдар да акчалууларды коркутуп, болбосо чокуга салып оокатын жасап калышты. Мыкты психолог болуп калган жазмакерлер деле бирөөгө упчу сордуруп коюну үйрөнүп алышты. Азырынча ушуну менен токтото туралы, калганы кийинкиде чыгат, же чыкпайт деген ийрейген суроонун артында бир көпөстүн “тагдыры” жатат. Мына азыр акча жасоонун ушундай жолдору бар. Дагы кандай ыкмалары бар экени көмүскөдө калса бизге жазгыла?

Булак: Ачык сөз 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: