Бүгүн, 12-апрелде Парламенттик көпчүлүк коалициясынын кирген КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракцияларынын жыйындары болуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна КСДП фракциясы тарабынан сунушталган КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги каралды.
Аталган фракциялардын жыйындарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ