Menu

Урматтуу президент, А.Рустамов көйгөйүбүздү чечпей койду, кантебиз?…

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Эмне үчүн өкмөт Таластагы Көк-Сай, Кайнар айылдарынын ортоңку жайытын алып коюшту? Күнүмдүк жайыт май айында күйүп жок болот. Алыскы жайыттар болсо «баурдастардын» колунда. Колдо болгон азыноолак малыбызды каякка жаябыз? Үлүш жерлерибиз ар бир жаранга 0,23 сотыхтан айланат. Кайракы жерлерибиз суу жетпеген тоолордун арасында. Бала-чакабызды кантип багабыз? Чынында кыргыз жарандарынын укугу бийлик тарабынан корголууга тийиш. Тескерисинче, бүгүн Көк-Сай, Кайнар айылдарынын жашоочуларынын укугу корголмок түгүл, кордолуп жатпайбы? Алты миңден ашык калкы бар эки айыл элинин талаптарын аткарууга бийлик башындагылардын чолоосу тийбеди. 2005-жылы жалган токтом менен өкмөттүн 233-токтомунун негизинде Кара-Буура мамлекеттик коругу уюштурулган. Жалпы аянты 59067 жерди ээлейт.

Көк-Сай 25809 га,

Шекер 792 га,

Аманбаев 5344 га,

Коон-Төбө 2383 га,

Чолпонбай 9377 га,

Бакайыр 2764 га,

Бейшеке 2853 га,

Кара-Буура 9782 га

2011-жылы 11-декабрда өкмөттүн 822-токтому менен Кара-Буура жаратылыш паркы болуп кайра өзгөртүлгөн. Көрүнүп тургандай, мал жаяр ортоңку жайытыбыз толугу менен жаратылыш паркына алынган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиктин директору А. Рустамовго бир нече жолу жайыт маселесин чечип берүү боюнча кат жүзүндө кайрылуу жолдогонбуз. Дегеле ушундай жетекчилерди кайдан таап келишет? Мурунку директору С.Атаджановдон араң кутулдук эле. Эми мунусуна туш келдик. Же өңчөй эле «ылдый баш» жетекчилер ушул агенттикке чогулганбы? Ар ким эле өз көмөчүнө күл тарта берсе мамлекет кайдан оңолот? Эл мүдөөсүн эске алышпаса, маселе чече альпппаса, мындай кадрларды мамлекеттин эсебинен багуу мыйзамга туура келеби? Агенттиктин директору А.Рустамов элдин малы каякка жайыларына кызыккан жок. Сөздүн ток этери – бүгүн Таластагы Көк-Сай эли жайытсыз калды. Мурунку өкмөттүн кетирген катасын азыркы өкмөт оңдош керек. Урматтуу президент, 6 миң элдин үмүтү сизде гана калды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин, мыйзамсыз түзүлгөн Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы боюнча сотко берели деп да ойлонгонбуз. Бирок, мурунку соттордон эч убакта калыстык күткөн эмеспиз. Анткени, андай абийирсиз соттор бул көйгөйлүү шпти эч убакта элдин пайдасына чечмек эмес. Эми 10 жылдан бери бүтпөй жаткан жайыт маселесин чечип, чекит койсоңуз дурус болчудай. Агенттиктин жетекчилиги уялбай туруп «жер мамлекеттики» дешет. Алардын ою боюнча мамлекет өзүнчө, эл өзүнчө экен. Түптөлгөн мамлекеттин негизги түркүгү эл экенин алар эбак эсинен чыгарып коюшуптур.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Жогорудагы көйгөйлөргө олуттуу көңүл буруп, жайыт маселесин жүр-нарыга салбастан, тиешелүү тараптарга тапшырма берүү менен ишти өз көзөмөлүңүзгө алып бересиз деп ишенем.

Анарбай Корчубеков, Кара-Буура району, Көк-Сай айылы

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: