Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы “Айкөл Ала-Тоо” жана “Апрель баатырлары” коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу “Азаттык” радиосу Башкы прокуратурадагы ишенимдүү булактарына таянып билдирди.
Кылмыш иши боюнча материалдарды прокуратура топтоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) өткөрүп берген.
Маалыматка караганда, “Апрель Баатырлары” апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү уурдаган деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. Аны КСДП партиясынан парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектейт. Орун басары Амантур Жамгырчиев. Алар кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ