Menu

Султан Ибраимов менен Исхак Раззаковду коррупционерлер Сапар Исаков жана Икрамжан Илмияновго теңебегиле!

Бөлүшүү:

Мен жакында сыналгыдан Н. Касиев баш болгон бир топ белгилүү адамдардын кыргыз элинин залкар уулу С. Ибраимов жөнүндөгү маегин жана Карымшаковдун санжыра долбоорундагы окумуштуулар менен пикир алмашуусун көрүп аргасыз баш чайкадым. Султан Ибраимов жөнүндө канча айтса да аздык кылат. Исхак Раззаков экөөсү эч кандай мактоого, сыйлыкка муктаж эмес. Экөөсү тең улуттун сыймыгына айланган адамдар. Экөө тең көр пенделиктен жогору турган улуу адамдар болгон. Эми биз экөөнү тең ооду-тооду сүйлөп Кыргызстанды карызга батырган “Кыргыз Республикасынын Баатыры” болгон Атамбаев менен коррупциянын ана башы болгону үчүн Манас ордени менен сыйланган С. Исаков, И. Илмиянов, Кулмурзаев жана башкаларга теңегиңер барбы? Бул аракетиңер менен Раззаков менен Ибраимовдун улуулугун тебелеп, шылдыңдап жаткан жоксуңарбы?

Карымшаковдун долбоорунда өзүнүн уруусунун деңгээлинен чыга албагандарды улуттук деңгээлдеги ишмер катары көрсөтүүгө далбас ургандан башка нерсе көрө албадым. Бизде ар ким өз уруусунун мыктыларын чыгаруу аракети жалпы кыргыз урууларына таандык өнөкөт. Мамлекетке, элге каршы кылмыш кылдыбы уруусуна, кайсы жердигине карабай жазасын тартсын. Качанга чейин кыргыз эли көр болот?

Эми коррупцияга каршы күрөш боюнча Президентибиз С. Жээнбековго сунушум: Коррупционерлерди жазалап, жегенин кустуруу менен биргеликте ар жылы жок дегенде 100 миңден жумушчу орун түзүп элди иш менен камсыз кылбасаңыз, бүгүн сизди колдоп жаткан эл эртең сизге каршы көтөрүлүп чыгат. Кайтарылган акча өзүнчө атайын бир эсепке топтолсун деген чечимиңизди эң туура болду деп эл ыраазы болушууда. Эми чечкиндүү кадамдарга барып күрөштү аягына чыгарыңыз. «Жоо аяган жаралуу» деп коюшат. Ордо оюнунда достук болбой, эзелтен ордо оюнунда баш кетет деп бекер айтпаган. Билинбестен бийликке келген күндөн бери алты ай өтүптүр. Эми экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп эл өзгөрүүнү сезбесе болбойт. Саясат — ​бул орустар айткандай “концентрированное отражение экономики”. Же кыргыздар «куру сөз курсак тойгузбайт» дейт. Мисалы коңшубуз кытайлар 10 жыл эле мурда тез жүрүүчү поезддерин, Европа, Япониядан сатып алчу экен, бүгүнкү күндө тез жүрүүчү поезддерди бүт өзүндө чыгарып, ага 340 млрд доллар жумшашыптыр. Азыр 150 млн доллар жумшап эл аралык футболдук академия куруп Европадан, Латын Америкасынан тренерлерди алып келип Кытайдын булуң-бурчтарынан жөндөмдүү балдарды алып келип тарбиялап жатышат. Ошол академияга Конфуцийдин “Улуу максат болбосо улуу жеңиш болбойт” деген сөзүн жазып коюшуптур. Жакынкы он жыл ичинде Кытайдан дүйнөлүк футбол жылдыздары чыгышына шек жок. Биз да алдыбызга 10 жылдык Кыргызстан Корея, Малайзиядай экономиканын жолборсуна айланат деп максат коюп, Кыргызстандын эли бир кишидей аракет кылсак деп Президентибиз С. Ш. Жээнбековду жана жалпы Кыргызстандын элин чакырамын жана мени жеке өзүңүз кабыл алууңузду сурайм.

Бакытбек Узенбаев, ардактуу чек арачы, “Даңк” медалынын ээси

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: