Menu

“Русгидро” кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна берээрин айтып коңгуроо какты

Бөлүшүү:

Бул боюнча «РИА Новости» агенттиги “Русгидро” Кыргыз Өкмөтүн Гаага сотуна берээрин эскерткенин, компаниянын башчысы Николай Шульгиновго шилтеме кылуу менен жазып чыкты. Анда белгилүү болгондой, “Русгидро” жакында Кыргызстандагы Жогорку-Нарын ГЭСтеринин курулушу боюнча келишимдин токтотулушу боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы жатыптыр. Бул боюнча Шульгинов: «Кыргыз тараптын чакыруусу менен эртең-бүрсүгүнү биздин делегация сүйлөшүүнү улантууга барат. Албетте, биз жакшы жыйынтыкты күтүп жатабыз. Бирок, ошол эле маалда эл аралык Гаага арбитраждык сотуна кайрылуу боюнча да иштерди алып баруудабыз. Бул боюнча кыргыз тарапка айттык. Материалдар туруктуу третей сотуна жөнөтүлдү. Андан ары арбитрлердин курамын тандоо болуп, андан соң доо арыз даярдалып, сотко тапшырылат” – деп билдирген.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: