Menu

Суу бар, ирригация өнүкпөй жатат

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев елкө аймактарындагы ирригациялык тутумдарды өнүктүрүү жана ветеринардык лабораторияларды реконстрүкциялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, ата мекендик айыл чарба тармагында көптөгөн жылдар бою тийиштүү көңүл бурулбай келген бир катар көйгөйлөр бар.

– Өкмөт тарабынан бүгүнкү күндө ирригациялык тутумдарды өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын экспорттоо көлөмүн жогорулатуу жана өсүмдүктөрдүн оорусунун алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө, – деди .М.Абылгазиев.

Өкмөт башчы фермерлерди тийиштүү суу көлөмү менен камсыздабай туруп, агрардык секторду өнүктүрүүгө жетишүү мүмкүн эместигин дагы бир ирет баса белгиледи.

– Суу – бул аймактардагы негизги көйгөйлөрдүн бири, анда ичүүчү жана сугат суулардын жетишсиздиги байкалууда. Кээде сугат суунун жетишсиздигинен улам фермерлер тийиштүү өсүмдүктөрдү өстүрө албай жаткан учурлар кездешет. Аталган маселени чечпестен, биз айыл чарбасын комплекстүү өнүктүрүү тууралуу кеп кыла албайбыз, – деди өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын суу запастары мол, тилекке каршы, колдогу ресурсту натыйжалуу пайдалануу боюнча алгылыктуу механизмдер жок.

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Эсен Жусуматов Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

Аталган программага ылайык, республика боюнча он жыл аралыгында 46 суу долбоорун ишке ашыруу каралууда, натыйжада, 66,5 миң га жаңы сугат жерлерин ишке киргизүүгө, 51 миң га жердин суу менен камсыздалышын жогорулатууга жана 50 миң га жердин мелиоративдик абалын жакшыртууга мүмкүндүк болот. Эсен Жусуматов капиталдык реконструкциядан өткөрүлгөн жана жакынкы арада реконструкциялануучу суу чарба объектилери жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймактарындагы ирригациялык тутумдарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин жетишсиз деп атады. Ал артыкчылыктуу тартипте реконструкцияланышы тийиш болгон суу чарба объектилеринин абалы боюнча кецири картаны тез арада түзүп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, Өкмөт башчы сугат сууну жана каналдарды натыйжалуу пайдалануу боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо маселеси каралды.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө оптимизациялоонун натыйжасында 28 ветеринардык лабораториядан капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн 19 лаборатория калды. Бишкек жана Ош шаарларындагы улуттук макамы бар лабораториялар толугу менен жабдылган, калган 17 лабораторияны толугу менен жабдуу маселеси турат.

Премьер-министр белгилегендей, биринчи кезекте облустук масштабдагы ветеринардык лабораторияларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо зарыл. Өкмөт башчы бул максатта тийиштүү каражатты бөлүп, үстүбүздөгү жылдын соцуна дейре облустук масштабдагы лабораторияларды жабдуу ишин жыйынтыктоону тапшырды.

С.Орозобеков

Булак: «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: