Menu

Түркияда сойкулук менен алектенген ондогон өзбекстандык аялдар кармалды

Бөлүшүү:

Түрк укук коргоо органдарынын Болу, Аланья жана Трабзон шаарларындагы атайын операциясынын алкагында өзбекстандык жеңил ойлуу ондогон кыздар кармалды. Өзбекстандын Түркиядагы элчилиги адам соодалоого каршы күрөшүү боюнча эки өлкө тыгыз кызматташарын билдирди.

Болу шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкери ​Метин Караташ 1-июлда жүргүзүлгөн атайын операцияда өзбекстандык алты келин кармалганын айтты.

– Аларды тери-венерологиялык диспансерде текшеришти. Андан соң аялдар депортациялык изоляторго жайгаштырылды. Мекенине кайтарылгандан кийин алар беш жыл аралыгында Түркияга кире албайт, – деди Метин Караташ.

Аланья жана Трабзон шаарында кармалган аялдардын арасында мурун Түркиядан депортацияланган, бирок мыйзамсыз жол менен кайра келгендер да бар.

Аланья шаарынын коопсуздук кызматынын өкүлү Мехмет Топал кармаган жарандар тууралуу маалыматты Түркиядагы Өзбекстандын элчилигине жөнөтүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, кыздарды сойкулукка тартуу менен 49 жаштагы өзбек улутундагы аял алектенген.

Түркиядагы Өзбекстан элчилигинин атын атагысы келбеген өкүлү бул өлкөдө сойкулук менен алектенген жарандарынын бар экенин четке каккан жок. Ал мыйзам бузуп, түрк түрмөлөрүнө түшкөн аялдарга укуктук жактан жардам берилип жатканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: