Menu

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кирүү сынагы – 2018

Бөлүшүү:

2018-жылдын 8-июлунда, башкача айтканда, жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өтүүчү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кирүү сынагы өтөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2018-2019-окуу жылы үчүн кирүү сынагы 2018-жылдын 8-июль күнү саат 10.00дө университеттин башкы корпусунда жана Экономика жана башкаруу факультети, Коммуникация факультетинде, БГУнун, И.Раззаков атындагы техникалык университетинин жана Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин аудиторияларында болуп өтмөкчү.

Быйылкы жылы Манас университетине кирүүнү каалаган абитуриенттердин саны мурунку жылдарга салыштырмалуу алда канча көп, тагыраак айтканда, 2018-2019-окуу жылы үчүн тапшыргандардын саны 6614гѳ жетип, бир орунга 6-7 студент туура келет. Университет мындан сырткары Кыргызстанда өткөрүлгөн Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен да 100 студент кабыл алат.

Кирүү сынактары Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Ал эми абитуриенттерди каттоо  республикабыздын  областтарынын борборлорунда жана Бишкек шаарында  жүргүзүлдү.

Университеттин студенттерди тандоо сынагынын жыйынтыгы үч күндѳн кийин белгилүү болмокчу.

Маалымат: Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан кол коюлган «Кыргыз-Түрк «Манас» университетин куруу жөнүндөгү» келишимдин негизинде ачылган. 1997-1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган.

Университетте билим берүү акысыз жана кыргыз, түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Университет тарабынан берилген диплом эки мамлекет үчүн тең жарактуу болуп эсептелет.

Университетке Кыргызстандын жарандары «Манас» университетинин Студент тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн (жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде) сынак аркылуу  жана ошондой эле Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен да кабыл алынса, ал эми Түркиянын жана  түрк тилдүү башка мамлекеттердин жарандары Түркия Республикасынын Студент тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн  сынак аркылуу университетке тапшыра  алышат.

Университеттин өзү өткөргөн сынактын өзгөчөлүгү – тесттин суроолорун даярдаган мугалимдер бир жума мурун бир жерге топтолуп, эч кандай коммуникациялык каражаттары болбогон шартта даярдашат. Алар сынак башталгандан кийин гана чыгарылат. Бул тесттин суроолору менен алдын ала эч ким тааныша албай турган шартты түзөт.

Кабыл алынган  студенттер бир жыл тил үйрөнүп, жетишкендиктерине жараша стипендия алып окушат. Муктаж болгон студенттерге жатакана да берилет. Медициналык  кызматтар акысыз көрсөтүлүп, китепкана, ашкана, спорт залдар ж.б. ар түрдүү клубдар, психологиялык жактан көмөк көрсөтүү борбору сыяктуу заманбап шарттар  түзүлгөн. Ошондой эле университет ичинде  илимий, маданий  жана спорттук иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат.

Учурда 14 өлкөнүн жаштары билим алып жаткан Эл аралык университетте бүтүрүүчүлөрдүн саны 5000дей жана алар дүйнөнүн 30 мамлекетинде т.а. Казакстанда, Россияда, Түркияда, Мадагаскар, Чыгыш Корея, Дубайда  ж.б. жерлерде иштеп жүрүшөт. Университет бул жылы 17-бүтүрүүчүлѳрүн уядан учурду.

Кошумчалай кетсек, 2014-жылы Европанын илимий өндүрүш палатасы дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын сапатын текшерген атайын иликтөөсүн жарыялаган. Жыйынтыгында Кыргызстандагы төрт университет дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин тагыраак айтканда BBB даражасындагы тизмеге киргизилди. Төрттүн башында Кыргыз-Түрк “Манас” университети турат, андан кийинки орундарды Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргызстандын Эл аралык университети жана Американын Борбор Азия университети ээлеген.

2014-жылы Европа биримдигинин иликтөөчүлөрү университеттердин рейтингин аныктоодо, эң негизги критерийи катары бүтүрүүчүлөрдүн сапатын жана жумуш берүүчүлөрдүн аларга карата берген мүнөздөмөсүн эске алуу менен тандаган. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстандагы университеттердин арасынан ушундай талаптарга ылайык келген биринчи орундагы окуу жай деп табылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: