Мамлекеттик мүлк фондунун иши чеке жылытпай калганына көп болду. Бул мекеме мамлекеттик ишканаларды банкротко жеткирип, анан арзан пулдап жибергенди адатка айлантып, андан башка иш аткарбай калды. Ошол себептен өлкө бюджетине мамлекеттик ишканалардан дээрлик каражат түшпөй, компаниялар жылдан-жылга эң төмөнкү рентабелдүүлүк менен иштеп жатат. Мына 2017-жылы жалпысынан 878 мамлекеттик ишкана өлкө бюджетине болгону 266 миллион сом алып келген. Бул ошол компаниялардын натыйжалуулугунун төмөндүгүн билдирет. Дээрлик 900 ишкана бир жылда 266 миллион сом берет деген эмне деген шылдың?! Мындай көрүнүш жеп-ичип жатышат деген эле сөз да. Мүлк фондунун жетекчиси Ренат Тулебердиевге окшогон оозун ачкандардан натыйжа чыгышы күмөн. Иштин көзүн билген жетекчи келбесе, мамлекеттик ишкана калбай кала турган болду…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ