Камактагы Өмүрбек Текебаев камакта жатып алып, өлкөнүн тагдыры тууралуу көлөмдүү маек берди. Абакта жатып элдин, мамлекеттин келечегин ойлоп күйүп-бышып жаткан элес берип. Окугандар мекенчил инсан ак жеринен күйүп жатат деп шыпшынгандай эле акчыланыптыр. Түрмөдө зеригет да. Эми кандай сайрабасын, кирдеген репутациясын оңдой албай турганы белгилүү эмеспи. Ар түрдүү амал ойлоп абактан чыгууга болгон далалаты жакында ишке ашпай турганын Жаза аткаруу кызматы так билдирди. Маалыматка ылайык, Текебаев бир жарым жылдан ашуун убакыттан кийин түрмөдөн жатак абагына которулуу мүмкүнчүлүгү бар. Ага чейин кандай обон созбосун майнап чыгаары күмөн.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ