Финансы министрлигинин конкурстук комиссиясынын 2017-жылдын 10-августундагы жыйынынын чечиминин негизинде, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички конкурстун жыйынтыгы боюнча Омурова Айгуль Абдарановна Персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды. Бул туурасында финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле, аталган конкурстук комиссиянын чечими менен ички конкурстун жыйынтыгы боюнча Камчыбекова Айтурган Бектуратовна Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттердин отчеттор жана мониторинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызмат ордуна дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ