Балыкчыда бир аял түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 8-октябрь күнү саат 10:09 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Орозбаев көчөсүнүн №39 дарегинде көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө 10 чарчы метр курулуш буюмдары жана таштанды күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1 аял киши (1982-жылы туулган) түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилген. Абалы орто.
Учурда өрттүн себебин такташууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ