Menu

Асланбек Сартбаев, журналист: “Бегалы Наргозуевди журналистикадан кууп жиберип, андан кийин гана биригүүнү Сабыр Муканбетов демилгелеп чыкты”

Бөлүшүү:

Башкы редакторубуз гезитибизге кээде гана интервью берип калмайы бар. Бу саам коомчулуктагы кызуу кептер боюнча маектештик. Назар салып көрүңүздөр.

– Аслан мырза, соңку убакта сизге журналисттер “жетпей”, пикир ала албай жүргөнүн байкадым. ИИМ орун басары Курсан Асанов менен урушуп кеткениңизден бери эле уу-дуу кеп. Бир чети ошондон кийин сизди жамандагандардын тобу да түзүлдү. Кечке эле тиреше бересиздерби? Мунун аягы эмне болот?

– Эмне болмок эле? Тынчыйт. Болор иш болду. Өткөн окуяга деле кайрылып отургум келген эмес. Аныгында, биз кафеде депутат Азиз Турсунбаев, бизнесмен Рустам Маманов болуп отурганбыз. Бир маалда Курсан Асанов пайда боло калып, алсыз колун көтөргөнү ырас, бирок, мен ага жооп кайтарбадым. Бул – биринчиден, коркуп калуу эмес, анын кызматтык даражасын сыйлоо, экинчиден, сабырдуулук да. Коомдогу болуп аткан кандай гана талаш-тартыштуу процесстер болбосун, биз баардыгын диалог, түшүнүшүү жагы менен чечишибиз зарыл. Орой айтканда, менде дагы муштум бар, генералды томолото чаап жиберсем эмне болот эле? Ошондо жалпы милициянын кадыры кетип, кандайдыр бир деңгээлде ыңгайсыздык жаралмак. Мен бул жагынан акыл-эстүү маанайда ой жүгүрткүм келет…

– Ал сиздин үстүңүздөн арыз жазыптыр го…

– Кыргызда “Кыз боозуп алып, энесин коркутат” деген накыл кеп бар. Курсан Асанов коркуп кетип, арыз жазуу менен коргонууга өтсө керек да. Анын мындай аракеттери суу кечпейт. Аман эле болсун! Мындан ары чырмооктой болуп бутка илээшпей эле жүрсө дейм…

– Журналист Бекен Назаралиев сизди айыптап жазыптыр. “Аслан Сартбаев бир беткей гана түштүктүктөрдү сындап жүрөт” деген мааниде шыбап…

– Эми ар ким деңгээлине жараша ой жүгүртөт. Кудай пейилин оңдосо… Бекен Назаралиев ардагер журналисттердин катарында турат. Мен аны деле урматтайм, экөөбүз илгери чогуу иштешкенбиз. Бекен байке ошол макаласын жаңылыш жазып алыптыр. Мени түштүктүн тыңчыкмаларын тегиз каралаган журналист катары сүрөттөп, өзүнө жараша трайбалисттик ой жүгүртүүсүнө алдырып ийиптир. Актангым келбейт. Себеби, менде “түндүк-түштүк” деген оору жок. Бу жагын эч ким таңуулай да албайт. Биз гезиттен саясатчылардын туулуп-өскөн жерине карабай эле кылган иши, сүйлөгөн сөзү боюнча сындап, баа беребиз.

– Сиздин гезит аркылуу бир кезде Алмамбет Шыкмаматов, Султан Жумагулов, Калыкбек Султанов, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев өңдүү бир катар “аттын кашкалары” жабыркаганын билебиз. “Ирония” маанисинен алганда, булар тегиз эле түндүктүктөр го?

– Менде “бул быяктан, тиги тияктан” деген пас түшүнүк жок да. Эгер түндүктүк катары сындалгандарды эсептесек, тизменин аягына чейин санагыча убакыт көп кетет. Аныгында, ушул өңүттөн сындашып, талашканыбыз туура эмес. Биз кыргыз элинин биримдиги, мамлекеттүүлүктүн бекемдиги үчүн ар бирибиз салым кошушубуз зарыл. Эми суроону буйтабай эле бир-эки мисалга токтоло кетейин. Буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, сүйлөшкөм. Ойлоруна, таарынычтарына ортоктош болуп дегендей. Азыр деле болсо Бабановдун сын пикирге кызыраңдап кетип, аз-маз эмоция сымал мамиле кылганы байкалат. Ал эми Сариев орундуу сүйлөп, мамлекеттик масштабда ой жүгүрткөнү, чоң саясатта бышып калганы жагынан көзгө көрүндү. Кыскасы, экөө тең тыңчыкмалар. Кыргыздын келечеги дал ушундай кыйындардын жүрүшү менен учурда аныкталат… Баса, бул эки саясатчы боюнча пикириме “чабал чабандестер” дагы куушурулуп, бүжүңдөшүп, бир беткейлик жагынан беттырмарлыкка барышары мүмкүн. Эгерде тең карай турган болсок, Сариев менен Бабановдон кем калышпаган Ахматбек Келдибековдун да чоң саясатта орду бийик экенин эскертким келет.

– Дагы бир собол. Кечээги “акжолчу” Бегалы Наргозуев серепчи Сабыр Муканбетов экөөңүздөрдү сайттан көп шыбачу болду го?

– Бегалы байке менен мамилем жакшы. Оор күндөрдө жөлөк-таяк болгонбузду унутпайм. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер анын башына мүшкүл иш түшүп калса, мен дагы көз көргөзөм… Ортобузда “Карышкыр” болгону үчүн эле ажырым жаралып калгандай…

– Айтмакчы, мурда сиз жетектеген “Учур”, азыркы “Азия Ньюс” басылмасынан курч материалдар чыгат эмеспи. Менин эсимде бар. Коомдогу таасирдүү инсандар, саясатчылар менен тирешип, тынчыбай эле күрөшүп келесиз. Көп жолу соттоштуңуз, жаш болсоңуз да башыңыздан жаман-жакшы өттү. Деги сиздин бу дүйнөдөн издегениңиз эмне?

– Мага раматылык Мелис Эшимкановдун өжөрлүгү жуккан го?.. Тамаша. Кыргызда айтат да, “Шок бол, шок болбосоң жок бол” деп. Бул философиялык каймана мааниде айтылган үлгү. Кошоматчы болгондун күнү курусун. Биз ачык болушубуз керек. Журналист деген адилеттүү жана курч жагынан өнүгүшү шарт. Мен кандайдыр бир бийликте отурган адамдын таасиринен жалтактап, ага баш ийип калган жан эмесмин. Эгер коомчулук астындагы терс көрүнүштөрдү байкасам, чиновниктердин шектүү жагдайлары туулса, албетте, эч нерседен тартынбай гезитим аркылуу коңгуроо кагам. Балким мен “досум” Рыскелди Момбековго окшоп депутат болуп кетсем, чындыктан тайып, кимдир бирөөнүн чоорун созуп, оңду-солду байкабай, бакылдап отуруп калмак белем? Андай тагдырдан Теңирим сактасын! Эң башкысы, эркин калемгер болуп, коомчулукка калыс ойду жеткизип туруудан өткөн бакыт барбы?.. А баса, “Сиздин бу дүйнөдөн издегениңиз эмне?” деп суроо берип атпайсыңбы. Мен саясый аналитикаларды, же маалыматтарды жазганга караганда, жандүйнө, сүйүү темаларын тизмектегенге ыктуумун да, шыктуумун. Кудай буюрса, убагы келет, эски чыгармаларды кошуп, жаңысын жаратуу менен жылуулук чачкан сүйүү томдугун даңазалап коёбуз…

– Бир олуттуу жагдайды байкайм да. Бүгүнкү күндө журналисттер жаатында ынтымак жок. Бирдеме болсо эле бири-бирин табалап, чукушмайга эле маш болуп калышты го…

– Айылда жаш балдар, же кыл мурутчандар араздаша кетишсе аксакалдар акыл айтып, кепке келтирип коёру байыртадан келаткан салт. Кайсы тармак же кандай жамаат болбосун, ал жердеги улуулары сөз баштап, туура жолго кийинки муунду жетелеш керек да. А биздин калемгерлер арасында чындыгында эле ынтымак жок. Аксакалдары үлгү көрсөтө албайт, баса, убагында үлгү көрсөтүмүш болуп, бир абышка чыгып, “кыргыз журналисттеринин башын бириктирем” деп уюшма түзүп, аягы өзү бийликке сатылып кеткенин баарыбыз билебиз. Ошондон кийин калемгерлердин ынтымакка ишенбегендей бири-бирибизден шек санашканыбыз, натыйжалуу чогулуштардан деле алыс болуп калганыбыз да ошондон… “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей болуп…

– Эми ушинтип эле жүрө беребизби? Журналисттердин баардык катмары бириге албаса да, кандайдыр бир тилектештердин уюму түзүлүп, ынтымакташууну жаратса болобу?

– Бүгүн легендарлуу журналист Замира Сыдыкованын офисине бардым. Ал жерден Адил Турдукулов, Сабыр Муканбетов болуп, жакшы маанайда баарлаштык. Замира эже тажрыйбалуу, алдыны көрө билген аялзаты эмеспи. Чындап жүрөгүнөн сөз эркиндиги үчүн күйүп, журналисттердин тилектештигин чыңдоо боюнча пикирин айтып отурду. Бирок, “Карышкыр” өзүнүн оюнан кайтпай, “Бегалы Наргозуевди арабыздан кууп жиберип, анан биригели. Аны менен мен бир столдо отура албайм” деген сунушун ортого салды. Жыйынтыгында, бул боюнча Замира эже бир пикирге келишүү жагынан калыс пикирин билдирди. Негизи жакшылыктан үмүт кылып, улуулар туура сөздү айтып, сөз эркиндигинин камын көрүүгө бел байлашса, анан эмнеге биз арка-бел болбошубуз керек?..

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: