Menu

Депутат О. Артыкбаевдин адвокаты Айжан Орозакунованын “Спутник” агенттигине берген билдирүүсү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев кайсы ооруканага жана кандай диагноз менен түшкөнүн адвокаты Айжан Орозакунова редакцияга билдирди. Анын айтымында, депутат учурда Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда жатат. “Буга чейин айрым ЖМКлар депутат качып кетти деп жазып ийишти. Бул маалымат чындыкка коошпойт. Аны ушул тапта Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунда операцияга даярдап жатышат. Дарыгерлер жүрөк жана дем алуу органдарына байланыштуу бир нече диагноз коюшту”, — деди Орозакунова. Эске салсак, буга чейин УКМКдан камактагы депутат ооруканага жеткирилгенин кабарлашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: