Menu

“Мемориал”: түркмөн жабык түрмөсүндөгүлөр биринчи жолу туугандары менен жолугушту

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда “Мемориал” укук коргоо уюму Овадан-депе жабык түрмөсүндө кармалгандар биринчи жолу туугандары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышканын билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча 2018-жылы 28-июнда “ислам экстремизми” үчүн соттолгон 30дан ашуун киши туугандары менен жолугуп, 40 мүнөттөн сүйлөшүшкөн.

Алардын арасында түрк ислам ойчулу Саид Нурсинин эмгектерин изилдегени үчүн эркинен ажыратылган төрт жаран бар.

Овадан-депе түрмөсү Ашхабаддан 70 чакырым аралыктагы айылда жайгашкан. Ал туткундарды кармоодогу өтө катаал шарты менен белгилүү. Укук коргоочулардын айтымында, саясий себептерден улам эркинен ажыратылгандар дал ушул жайга жайгаштырылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча саясий себептерден улам камалган жүздөгөн кишилер тууралуу маалыматтар жок. “Аларды тирүү көрсөткүлө” кампаниясынын алкагында 113 жарандын дайыны чыкпай калганы белгилүү болгон. Акыркы эки жылда ушул тизмедеги бир нече кишинин сөөгү туугандарына берилген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: