Menu

Видео — Туйгуналы Абдраимов, Чүй облусунун губернатору: «Мени коркутпагыла. Мен эч кимден коркпойм. Рыспек Акматбаевди да жиберчү жагына жиберип койгом»

Бөлүшүү:

Бизде чоӊ саясатта баскан изи ар кандай бааланган, эбин таап эки жеген, чоӊ кызматка магниттей жабышкандар ого эле көп. Алардын бири жакында Чүй облусуна губернатор болуп дайындалган Туйгуналы Абдраимов экени талашсыз. Бул адам  иштин көзүн билет. Бирок маселени ар кандай жолдор менен чечет. Жеке кызыкчылыкты эгерим жерде калтырбагандардын бири. Эми бул жагы элибизге бештен белгилүү. Биздин дарекке Туй мырзанын жергиликтүү эл менен, тагырагы айылдаштары менен жыйын өткөргөнү тууралуу жыйында тартылган кыска тасманы жиберишти. Ал тасмада Туй мырзанын ишмердүүлүгүнө  нааразы болгон жигиттердин бири ачуусу менен: “Сиз бул кызматка эмне максат менен келдиӊиз, ушуну айтыӊызчы”- деп маселени кабыргасынан козгоп, суроо салса, Туй мырза анын суроосуна кызаӊдап: “Эркиӊер барлар чыккыла любоюӊ менен сүйлөшөм, эркекче”- деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Мансабына таянып, жөнөкөй адамдар менен мушташкысы келген Туй мырзанын деӊгээлине баракелде. Ал андан ары: “Мен 27 премьер-министр менен иштедим. Эли үчүн таза, калыс болдум. Эгер мен мыйзам бузсам, мени Акаев дагы, Бакиев дагы, Атамбаев досум дагы камамак. Мен коркута албайсыӊар. Мени убагында Рыспек Акматбаев атам деп коркутканда, мен аны жиберчү жагына жиберип койгом”- деп мактаныч менен сүйлөптүр. Эгер Рыспек тирүү болгондо, минтип оозун чоюп сүйлөй албайт эле. Эми бул жагы түшүнүктүү…

https://www.youtube.com/watch?v=VSPGelAYLPs

Кыязы, Туй мырза: “Өзүӊдү эр ойлосоӊ, башканы шер ойло” – деген кепти такыр эле унуткан окшойт. Бир күнү:  “Төшү түктүүгө” деле жолугуп, көргүлүктү көрүп калышы толук мүмкүн. Андыктан карапайым элге антип ит кыялын, анан муштумун көрсөтпөй, сабырдуу болуп, акыл токтото жүргөнү оӊ. Ал эми “Атамбаев досум да камамак” – дегени да кызык. Атамбаев аны балээни камайбы. Себеби, Атамбаевдин бийликтеги “жүгөнү”  дал ушул Туй мырзага катылган болчу. Эмнеге дегенде ал өз учурунда кадимки Икрам Илмияновду Атамбаевге шопур катары таап берген. Илмиянов болсо Атамбаевди президент кезинде “ооздуктап” алып, билгенин кылды. Акырын анын баары башына муш болуп тийип, азыр мекенинен безип, бөтөн эл, бөтөн жерге качкандарын катарын толуктады. Туй мырзанын Атамбаев менен жердеш катары мурун эле мамилеси жакшы болчу. Президент болгондон кийин Туй мырзанын “шопуру”  өзүнүн уламышка айланган ар кандай жүрүштөрү менен экөөнүн достугун бекемдеп күчөттү. Ошондон улам Туй мырза да Атамбаевдин учурунда БШКны каалагандай калчап турду. Парламенттик шайлоо учурундагы саясый соодалашуу, миллиондор тууралуу далай кептер бар. Алар да убакыт өткөн сайын калкып чыга берет. Атамбаев анын баарына көз жумуп туруп 3- даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады. Муну мамлекетке кылган жана Илмияновдой илбериӊки “шопурду” таап берген эмгегин баалоо катары кабылдагандар да көп болду. Эӊ кызыгы АША ушундай эле даражалуу сыйлык менен Илмияновду да сыйлап, чоӊ сыйлыктын аброюн кетирген.  Албетте, бул жагына эми тарых баа берет.

Булак: “Багыт”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: