Menu

НАТО: «Орусиянын агрессивдүү аракеттери коопсуздукту бузууда»

Бөлүшүү:

Орусиянын агрессивдүү аракеттери евроатлантикалык аймактагы коопсуздукту жана эл аралык тартипти бузуп жатат. Бул тууралуу шаршембиде Брюсселде кабыл алынган Түндүк Атлантикалык Альянска мүчө 29 өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен декларациясында айтылат.

Документте Орусиянын Крымды аннексиялоо, Украина чыгышындагы абалды туруксуздаштыруу, НАТО өлкөлөрүнүн чек арасына жакын аймактарга жаңы курал-жарактарын жайгаштыруу жана шайлоолорго кийлигишүү аракеттеринен кийин аймактагы абал кыйла түшүнүктүү жана туруктуу болуп калганы белгиленген. Ошондой эле НАТО өлкөлөрү Солсберидеги ууландыруунун артында Орусия турат деген Улуу Британиянын билдирүүлөрү менен макул экендиктерин билдиришкен.

Билдирүүдө уюмдун мүчөлөрү Орусияны Грузиянын, Молдованын жана Украинанын аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана Минск келишимдерин толук аткарууга үндөшкөн. Андан тышкары эгер Орусия жүрүм-турумун өзгөртсө, Москва менен диалогго барууга даяр экендиктерин белгилешкен.

Декларацияда НАТО өлкөлөрүнүн бардыгы тең коргонууга ички дүң өнүмдүн 2 пайызын бөлүү деңгээлине жетүүгө аракет кыла тургандыктары жазылган. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп союздаштарын коргонууга тиешелүү деңгээлде акча коротпой жатат деп бир канча жолу айыптаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: