Menu

Ички иштер министринин орун басары М.Каниметов Талас облусунун жашоочуларын кабыл алды

Бөлүшүү:

Түзүлгөн абалды аныктоо, чечим кабыл алуу жана колдоо көрсөтүү- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовдун жарандарды кабыл алууда эң башкы максаттарынын бири болду. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 11-июль күнү милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча Талас облусунун тургундарын жеке кабыл алды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Талас ОИИБде ички иштер министринин орун басары М. Каниметов менен жолугушууга ар кандай көйгөйлөрү менен Талас облусунун он бир жашоочусу келди. Жарандарды кабыл алуу учурунда  Талас облусунун тургундарынан түшкөн арыздарга жана кайрылууларга милиция кызматкерлеринин чечим кабыл алуудагы иш-аракеттер  менен чек арада жаралган көйгөйлөрдү  чечүүгө жардам берүү тууралуу  маселелер каралды.

Ал жеке өзү кабыл алган жарандардын тынчсыздандырган көйгөйлөрүн угуп, Талас ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги А. Жумабековго  кайрылгандардын арыздары боюнча текшерүүлөрдү  жүргүзүү боюнча  тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ички иштер органдарына байланышкан кайрылуулардын көбү жеринен чечилди. Ошондой эле, калган арыздар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

Жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигине жеке кабыл алуу менен кызыктырган маселелерин ыкчам жана жеринен чечип бергендиги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: