Menu

Сүйүнбек Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБнин имаратында жергиликтүү тургундарды кабыл алды

Бөлүшүү:

Министрликтердин жетекчилери аймактардагы жарандарды кабыл алуу графиги боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык,  11-июль күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин  биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБнин имаратында жергиликтүү тургундарды кабыл алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Элдердин арасындагы ишенимди арттырууга байланыштуу Сүйүнбек Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолукту. Бүгүн Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков менен жолугушууга ар кандай көйгөйлөрү бар жыйырма беш жаран келди.

Кээ бир суроолор өздөрү дуушар болгон жол-транспорттук кырсыктарды калыс иликтөө жана Жалал-Абад облусунун тургундарынан түшкөн арыздарга жана кайрылууларга милиция кызматкерлеринин чечим кабыл алуудагы иш-аракеттери  тууралуу болду.  Андан сырткары,  жарандар тарабынан ички иштер органдарына кызматка орношуу тууралуу суроолор берилди.

Ички иштер министринин  биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков коомчулук менен ачык байланышуу саясатын айтып берди. Буга коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, кылмыштарды алдын алуу боюнча аталган аймактардын жашоочулары, андан сырткары аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен миллициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн жергиликтүү тургандар менен жолугушуулары жакшырта тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушууда жергиликтүү бийлик менен милициянын кызматташтыгы, Жалал-Абад облусунун жашоочулары кабылган тоскоолдуктар боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

“Милиция менен жарандар пикир алмашуунун жардамы аркылуу иштешүүсү керек. Биз азыркы көйгөйлөрдү жокко чыгара албайбыз жана өз көйгөйлөрүбүздү моюнга алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүп, бир кадам алдыга  жылуубуз керек”,-деп Сүйүнбек Өмүрзаков өз сөзүндө айтып кетти. Ал ар бир кайрылган тургундардын көйгөйлөрүн угуп,  так жооптор менен сунуштарды берди. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өлкөнүн жана Жалал-Абад облусунун жашоочуларына коомдук коопсуздукту сактоо боюнча юридикалык жактан кеңеш берүүгө ачык жана кызыктар экендигин маалымдады. Ал жеке өзү кабыл алган жарандардын тынчсыздандырган көйгөйлөрүн угуп, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги К. Жолдошовго мыйзамга ылайык ыкчам чечип, жыйынтыгы боюнча  арыздануучуларга маалымат берүүсүн тапшырды.

Жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигине жеке кабыл алуу менен кызыктырган маселелерин ыкчам жана жеринен чечип бергендиги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: