Menu

Камактагы блогер Тунгышбаев медициналык текшерүүдөн өттү

Бөлүшүү:

Алматы тергөө абагында отурган активист, блогер Муратбек Тунгышбаев 11-июлда медициналык текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу анын туугандары билдирди.

– Муратты кардиолог менен көз оорулар институтундагы офтальмологго алып барышты. Текшерүү жүргүзүлдү. Эмдөө жана анализ дайындалды. Анын кан басымы жогору. Көзүнүн абалы белгисиз. Анализ керек. Азырынча дары-дармек жазып беришти. Көзүнүн алдына ийне сайышты. Ал буга чейин уктаганда колу уюп, сол көзү бүдөмүк көрүп жатканын айткан, – деди анын аялы Мерей Калиева.

Тунгышбаевдин адвокаты Гүлнара Жуаспаева буга чейин активисттин алы кетип, көзү начарлай баштаганын билдирип, дарылоону калыбына келтирүүнү суранган.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. 26-июлда ал Казакстанга жеткирилген.

Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт. Активист сот тарабынан экстремисттик деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүн колдоо жана каржылоого айыпталууда.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: