Menu

Семетей Талас уулу, журналист: “Атамбаев 2007-жылы Майрам Акаеваны жамандаганда төркүндөрү Атамбаевди ташбараңга алган, 2016-жылы Роза Отунбаеваны жамандаганда Болот Шер баштаган Роза эженин төркүнү бир ооз жооп бергенге жараган жок”

Бөлүшүү:

2007-жылы жазында Алмаз Атамбаев премьер-министр болуп турганда Таласка иш сапары менен барып калды. Башбаканды ээрчий жазмакерлер журту биз да бардык. Облусту четинен кыдырмай башталды. Негизги миссия – Жерүй, Андаш кендери, алардын айланасындагы акыбал, кендер менен жеринде таанышуу. Жаңылбасам Манас айылына келсек, жергиликтүү эл митингге чыгышыптыр кендер иштебесин деген талап менен. Чынында Андаш кенин иштете келсе, ар кандай жардыруулар чатбазарлыктардын ата- бабалары жаткан мүрзөгө зыян келтирип, алтынга колдонуучу цианид дарыяга кошулуу коркунучу бар экен. Жерүйдө андай коркунуч бирок, кожоюну ким, инвестери ким билинбеген ит тартыш көйгөй. Ал эми айыл эли экөөнө тең каршы.

Кеп кезеги Атамбаевге келип, ал Жерүй кени иштеш керек, экономикага каражат керек, ансыз деле силердин кызыңар Май­рам Акаева күйөөсү экөө өлкөнү талап-тоноп кетти, дегендей “балп” этти.

Кайран таластыктар күүлдөп башташты. Бир аксакалы астыга чыгып, “Эй Алмаз, Майрам кандай жаман болгон күнү даты биздин кызыбыз. Биз анын төркүнүбүз, биздин кызды төркүнүнө келип алып жамандаган сен кандай немесиң” деп кашкая жооп берди. Кыжырланган кыйкырыктар чыга баштады. Диалог андан ары уланбай. Ал жерден Жерүйгө жөнөдүк.

Кайра келе жатканда манастыктар Атамбаевдин жолун тосуп ташбараңга алышты. Бул эми өзүнчө узун сөз.

Айтайын дегеним 31-август күнү Атамбаев Роза Отунбаеванын дарегине өтө оор сөздөрдү айтты. Бирок Болот Шер баштаган Роза эженин төркүнү бир ооз жооп бергенге жараган жок. Баарынан жаманы иниси Болот Отунбаев эшикти тарс жаап чыгып кеткенге эркектик духу жетпеди. Кыйындардан эч ким таластык аксакалдай Атамбаевдин көзүнө тике карап, калыстык кебин айтканга жарабады.

Кечээби, балким андан арыбы Текебаев убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон жоопкерчиликти Роза Отунбаевага түртө салып, анын юбкасынын алдында жашынышканын айтты. Мен да ошол юбканын ичинде жашынганмын деп койсо адилеттүүлүк болмок. Кеп анда деле эмес. Кеп Роза эженин жооштугунан пайдаланып Атамбаеви баш болуп, мобу ФБда айрым курттагандар жөнү жок эле асылып жатышат. Токтойбу десем болушпайт. Баягы Ош коогалаңында бири Жалалабатта, бири Бишкекте, бири Конституциянын үстүндө жаткан Убак­тылуу Өкмөттүн “шым” кийген мүчөлөрүнөн айырмаланып Роза Отунбаева жанын тобокелге салып Ошко барган. Ошол кыйын мезгилдерде болгон саясий, экономикалык жоопкерчиликти моюнуна алган. Эми баары бүткөн соң түштөн кийин “герой” болгондо эмне? Анан да жөнү жок асылбагылачы. Кагаз ороп айтканда?!

Семетей Талас уулу, журналист

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: