Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында Нариман Түлеев эч кандай саясия күчтөр менен биригүү ниети жок экенин билдирди. Журналисттердин “Элдик парламент” бийликке басым жасап, сиздин абактан чыгышыңызга шарт түзгөнү айтылып жатат, ушул чынбы?”, – деген суроосуна “Мага эч ким жардам берген жок. Мен мамлекетке акча төлөп өзүм чыктым. Буга чейин бир топ саясатчылар кайрылып, “бизге кошул” деп ар кандай сунуштарды айтышкан. Мен баарынан баш тарткам. Мындан ары дагы эч кимге кошулбайм”, – деди Түлеев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ