Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Өлкө башчысынын жакыны Гуламжан Анарбаев дайындалды. Ал аталган кызматтын буга чейинки башчысы Айбек Кадыралиевдин ордуна келди. Айбек мырза болсо 3-июлда эч себепсиз кызматынан бошотулган. Гуламжан мырза Мамлекеттик материалдык резерв фондун жетектеп турганда иштин көзүн билбеген мажүрөлүгү үчүн мурдагы премер-министр Сапар Исаков иштен алган. Эми ошол иштей албайт деген негизде иштен алынган кадрды жогорку кызматка дайындоо канчалык орундуу деген суроо туулат. Көпчүлүк финансы булагын, фискалдык тармакты, экономикалык кылмыштуулукту көзөмөлдөгөн органдарга жалаң түштүктөн кадрлар дайындалып, тең салмактуулук болбой жатканын коңгуроо катары кагышууда.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ