Menu

«Осмонбек Артыкбаев катуу ооруп жатса да, актыгы үчүн күрөшөт.” Депутат Осмонбек Артыкбаевди колдоо боюнча комитет анын өмүрү үчүн коркуп жатат

Бөлүшүү:

Билдирүүдө айтылгандай, эл өкүлүнүн абалы оор, дарыгерлер анын өмүрү үчүн коркуп жатат. Бирок, ал өзүнүн актыгын далилдеп бере ала тургандыгына ишенет.

“Ал, коррупцияга малынган адамдардын тобу булгап жаткан өзүнүн таза инсандык атын кайтарып алам деген ишеним менен гана жашап жатат. Артыкбаев аттуу атка ал  чыныгы эмгек менен жеткен.

Депутат өмүр бою чынчылдык менен жашаган, муктаж болгондорго жардам берген, жумушчу орундарды түзгөн, көпүрө, мектеп, спорттук комплекстерди курууга жардам берип келген. Интеллигенция, спортсмен, жазуучу жана дарыгерлерди колдогон. Артыкбаев адамдарга жакшы нерсеге ишенимди берген. Ал акчага муктаж болбогон жана болбойт дагы. Себеби,  өзүнүн ишкердигин 1995-жылы эле тузүп алган”,- деп билдиришти Осмонбек Артыкбаевди колдоо боюнча комитеттен.

Артыкбаевдин жактоочусу Айжан Орозакунова укук коргоо жана көзөмөл органдарын депутатты каралап жаткандарга карата тийиштүү чараларды колдонууга чакырат. Жактоочу мындай топтордун иш-аракеттерин эл өкүлүно карата моралдык-психикалык басым көрсөтүү катары баалайт.

“Депутатка карата айрым адамдар тарабынан басым корсөтүү болуп жатат, себеби, ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечимге түздон-түз байланышы барларды жаап-жашырган жок. Артыкбаевдин өзүнун укуктары үчүн аягына чейин күрөшүүгө даяр экендиги ошол адамдарга жакпай жатат. Ал өлкөдөн эч каякка качпайт!,- деди жактоочу.

Артыкбаев өзү буга чейинки отурумда, ЖЭБди модернизациялоо чечимин ким чыгарганы чоң суроо экендигин айткан. Алар аткарган адамдар эмес, алар- чечим чыгарууга укугу барлар.

“Учурда, тилекке каршы, берилген тапшырманы гана аткаргандарды күнөлүү кылып жатышат. Бирок,  иликтөө жана башка органдар бул маселени ким чечкендигин аныктап, тактап, чекит коет  деп ойлойм. Мисалы, Сапар Исаков билдирүүдө министрликтер, ведомстволор жана компанияларга тапшырма берүүнү суранат. Ал эми министрликтер Сапар Исаковдун президентке жазган билдирүүсүнүн негизинде жон гана аткарышкан”,- деп айткан Артыкбаев.

Комитеттин байкоосунда, депутаттык комиссия буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иштерге Осмонбек Артыкбаевдин тиешеси жок экенин аныктаган.

Белгилүү болгондой, модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Артыкбаев министрлик кызматка келгенге чейин эле бүткөн.

Депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, кытайлык ТВЕА компаниясын колдоо суранычы “Электрдик станциялар”  ААКсынын жетекчилигинен түшкөн.

Ошондой эле, комиссиянын жыйынтыгында, 2013-жылдын май айынын башында ошол кезде президенттик аппаратта иштеп жаткан Сапар Исаков президентке билдирүү жазып, анда министрликтерге Бишкек ЖЭБди модернизациялоого кытайлык ТВЕА компаниясын тартуу тапшырмасын берүүнү суранган.

Ошондой эле Исаков Кытайдын соода өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү, алар долбоорду 390 миллион долларга баалаганы, бул долбоорду ишке ашырууда кытайлык насыя каражаттарын тартуу боюнча маалыматтар айтылат.

Катты экс-премьер 2013-жылдын май айынын башында, тактап айтканда, Артыкбаев кызматка келгенге чейин жазган.

Артыкбаев энергетика жана өнөр-жай министри болуп 2013-жылдын                22-майында дайындалган. Бул убакта ТВЕА менен “Электрдик станциялар” ортосундагы келишимдерге кол коюу иштери жүрүп жаткан.

Экс-министр кызматка киришкен учурда ТВЕА менен иштөө чечими кабыл алынып калган жана бул компанияны “Электрдик станциялар” менен бирге президенттик аппарат башкарган.

Буга кошумча, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимге Осмонбек Артыкбаев эмес, “Электрдик станциялардын” ошол кездеги жетекчиси Салайдин Авазов кол койгон.

ЖЭБди модернизациялоого кытайлык банктан насыя берүү боюнча келишимдин ратификациясы мыйзам катары кабыл алынып, президент кол койгон. Келишимге Ольга Лаврова каржы министри болуп турганда кол коюлган.

Депутаттык комиссия аныктагандай, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечим президенттик аппараттын деңгээлинде кабыл алынган.

Депутат Осмонбек Артыкбаевди колдоо боюнча комитет

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: