Menu

Исхак Пирматов үчүн коррупцияга каршы күрөш күлкүлүү окшойт

Бөлүшүү:

Бакиев доорунда Исхак Пирматов «Кыргызнефтегазды» жетектеп, афера кылганы, 2010-жылдан соң коррупцияга шектелгени, 258 миллион доллар жеп алганы жалганбы? Эгерде калп болсо тиешелүү укук коргоо органдары аныгын айтпайбы? Дал ошол «Кыргызнефтегаздагы» кыңыр иши боюнча Аида Салянова башкы прокурор кезинде кылмыш ишин козгогон, бирок ортого Икрам Илмиянов түшүп, баарын бүлгүнгө учуратканы, миллиондогон долларбайларды шефине алпаруу менен ишти жапканы чынбы? Төңкөрүштөн соң жаңы бийлик келсе да Исхак Пирматов бизнес кылганын токтотпой, Албек Ибраимов экөө «Манас» эл аралык аэропортунан күйүүчү май аркылуу шугулданышып, миллиондогон доллар мамлекетке зыян келтирди беле? Кандай суроо койбойлу, баары бир Пирматов суудан кургак чыгып кете берет экен. Анда неге Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү баштады? «Жабылган кылмыш иштери кайра тергелет» деди эле. Ал жагы да таасир этпейби?..

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: