Menu

Тойгонбек Калматов, экс-депутат: Мыйзам чегинде сот болсо, “Элдик парламенттин” өкүлдөрү акталып чыгышат

Бөлүшүү:

– Тойгонбек мырза, 25-июлда бир кездери сиз мүчө болгон «Элдик парламенттин» өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановдорго карата Жогорку соттон соңку чечим чыгары күтүлүүдө. Бул сапар бир кездеги өнөктөштөрүңүзгө карата адилеттүү чечим чыгат деп ойлойсузбу?

– Эгерде буга чейинки саясый куугунтукта жүргөндөргө мыйзам чегинде акыйкаттык менен чындыкты туу тутуп, сот процессин өткөрүшсө, анда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов үчөөнү тең чыгарыш керек. Сөзүм кургак болбосун, буларга байланышкан биринчи инстанциядагы сот процессинде 80 ден ашуун күбөлөр көрсөтмө беришип, ошончо күбөдөн бир кишиден башкасы Талгарбеков баштаган «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнүн бийликти эч кандай басып алууга аракет тургай сөз да болбогондугун бир ооздон айтышып, тастыктап да беришти. Ошончо кишиден бир гана күбө (ошол кездеги бийликтин кишиси болсо керек) ал дагы «Элдик парламент» өкүлдөрү бийликти күч менен басып алышат» деп айткан жок. Болгону анын «Талгарбеков менен Колубаев бийликти алабыз деп айтышты» деген сөзү менен буларды адилетсиз жагдайда фемида өкүлдөрүнүн жашыруун, жабык түрдө өткөн соттук процесстери менен соттоп жиберишти. Өлкөбүздөгү эң күчтүү Феликс Кулов баштаган юристтердин тобу «Элдик парламентгин» өкүлдөрүнө карата коюлган күнөөлөрдүн баарысын анализдеп, талдап чыгышып, «буларда эч кандай бийликти күч менен басып алуу аракеттери жана ой-пикирлери да болгон эмес. Бул болгону саясый куугунтук» деген жыйынтыгын чыгарышыптыр. Ушундай эле бааны Россиядагы атайын эксперттер менен юристтер тобу да өздөрүнүн пикирлери аркылуу негиздүү айтышкан. Эми ойлоп көргүлөчү, «Элдик парламентгеги» Талгарбеков, Колубаев, Султанов, Гусев жана мен бирөөбүз да мамлекетгик кызматта иштебесек, анан биздин мамлекеттик жашыруун сырга кандай тиешебиз бар? Сот процесстери жабык болуш үчүн кандайдыр бир мамлекеттик оор деңгээлдеги кылмышка кириптер болсоң, ошондо гана отурумду жабык кылууга болот. Бул жерде болгону саясый куугунтук болгону үчүн «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнө карата байланышкан соттук жүрүштү жабык өткөрүшүп, андагы чыныгы абалды элге, коомчулукка жеткирбегенге аракет кылышты. Мен ойлойм, 25-июлда буларга карата Жогорку соттун процесси болсо, судьялар мурунку берген тапшырмаларды негиз кылышса, анда аталган инсандарды чыгарышпайт. Эгерде азыркы учурдагы талапты эске алып, мыйзамдуулукка, чындыкка, ыймандуулукка негизденишсе, анда Талгарбеков баштаган эл уулдарын тез арада чыгарышы керек деген оюм бар.

– Жогорку соттон «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнө карата адилет чечим чыгышын үмүт кыла турсак болобу? Же буларга да ишенич жокпу?

– Үмүт кылсак болот. Анткени, учурда баарыбызга ачык-айкын болуп калбадыбы, Алмазбек Атамбаев бийликте турган өз маалында ага карата сын айтканы үчүн чыдабастан, күч менен сот, прокурорлорго тапшырма берүү менен бир катар саясатчыларга адилетсиз жагдайда айып тагышып, бир катарларын күнөөлүү деп табышты. Жөнөкөй эле факты, «Элдик парламенттин» өкүлдөрү камалгандан кийин мени 2 ай, 21 күндөн кийин күбө катары суракка чакырышып, андан соң камап коюшту. Ошондо тергөөчүлөр өздөрү «аксакал, капа болбоңуз, биз тергөө ишин бүтүрдүк эле. Башкы прокуратурага жиберүү боюнча жогорку жетекчилик менен макулдашалы десек, бизге «Калматовдун үстүнөн иш козгоп, аны отургузгула» деген буйрук келди» десе болобу? Мен ага «сен буйрукту аткарасыңбы же мыйзамдуулуктубу?» десем, тергөөчү «аксакал, мен буйрукту аткарам» деп өздөрү айткан. Андыктан, бул ишти коомчулук, өзгөчө саясат менен жакындан тааныштыгы барлар адилетсиз жагдайда уланганын ачык-айкын билишти.

– Сиз дагы Бекболот Талгарбековдор менен кошо айыпталып, бир топ убакыт отуруп чыктыңыз окшойт. Азыр эркиндикте жүргөндө камакта отурган тарапташтарыңызка байланышкан иште адилет чечим чыгышын талап кылып өлкө жетекчилигине, Жогорку сот төрайымына кайрылуу жолдоп, чуркап көрдүңүзбү?

– Албетте, саясый куугунтук астында жүргөн саясатчылардын жакындары менен тарапташтары Каныбек Иманалиев баштаган ондон ашык парламент депутаттары жолугушуп, биз анда өзүбүздүн сөзүбүздү айтып, сунуштарыбызды бергенбиз. Ошондой эле Жогорку Кеңеште башкы прокурорду кызматына бекитип жатканда анын алдына ушул маселени мыйзамдуулук жагын карап, жаңы жагдайларды эске алып көрүүнү айтышкан. Ушунун негизинде А.Гусев экөөбүз башкы прокуратурага ушул иштер боюнча кайрылдык. Алар кайрылууну кабыл алышкан. Алтургай «териштирүү иштерин да жүргүзөбүз» дешкен. Бирок, ушул убакытка чейин биз менен жолугушуп, ой-пикирлерибизди сураша элек. Балким өздөрүнчө иш кылып жатышкандыр…

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: