Menu

Көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

Бөлүшүү:

Казакстандын Ички иштер министрлиги 20-июлда көркөм муз тебүү чебери Денис Тенди өлтүрүүгө шектелген эки кишинин бири кармалганын билдирди. Анын шеригин издөө иштери уланууда.

Алматы прокурору Берик Жуйрикатевдин айтымында, казакстандык фигуристтин өлумүнө шектүү катары 1994-жылы Жамбыл облусунду туулган Нуралы Киясов кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу тергөө абагына киргизилди.

19-июлда Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Кармаш учурунда кылмышкерлер ага бычак сайып кетишкен.

Учурда бул факт боюнча “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери билдиргендей, Тенди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 21-июлда Балуан Шолак атындагы Спорт сарайында өтөт. Анын сөөгү Достук кыштагындагы көрүстөндө жерге берилет.

25 жаштагы Денис Тэн 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медаль уткан. Дүйнө чемпионатында эки сапар медаль алган.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев көркөм муз тебүү чеберинин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: