Menu

Улуу “Манастын” алтын казынасынан жети нуска

Бөлүшүү:

Эгемендүү Кыргызстандын саясий ишмерлерине, мамлекеттик кызматкерлерине, журт башчыларына улуу “Манас” эпопеясынын насыйкаттары.

(Уландысы.

Башталышы мурунку сандарда)

Бакай “Манаста”: “Туйгун Бакай олуя”, “Акылы терең кеменгер”, “Айла тапкыч акылман”, “Капилет жердей сөз тапкан, караңгы түндө көз тапкан”, “Бакай баатыр көк жалдын, акылы кенен дарыя”,- деп бааланат. Манас өзү эңсегендей, Бакайга окшогон телегейи тегизди, өзүнө теңтуш эгизди, өзү катарлуу эрди, идея-лашты, мүдөөлөштү таап, жан жолдош кылып калайык – калктын кызматына чегет.

Жаш Манас Алтайда жашап жүргөндө Ак-балтадай чечендин, тарбиячы устаттын патриоттук аңгемелеринин духуна сугарылып. Кошой баатырдын образын кыялында алдейлеп келген. Кошойго учурашуу үчүн атайын Алтайдан Ала-Тоого келген Манас кыялында идеал кылып жүргөн каарманынын кадимки турмуштагы жүзүн, турмушун, жүрүм-турумун өз көзү менен көрүп, сөздөрүн өз кулагы менен укту. Ырасында эле, Кошой, Акбалта аксакалдын аңгемесиндегидей, “кармаганда кан чыккан, тиктегенде жан чыккан, чокморунан чок чыккан, чок жарылып от чыккан, ай кулагы калкандай, бендеден артык шер” экенине, журттун санаасын тартып саргайган, Ала-Too асыл жер үчүн, ак калпак кыргыз эли үчүн кызыл чокко түшүп, өрт кече турган, өрттү кечип да келген, кечип да жаткан, элжер деп жетимиш жеринен жараланып жапа тарткан чыныгы калк чыгааны экенин Манас билди. Баскынчыга багынбас, күнкорлукка чыдабас, куралын маштап, тулпарым таптап, көтөрүлүшкө даяр турган, адеп-ахлагы бийик, акылы алысты чапчыган даанышман, тажырыйбага карк улуттун көчүн баштаар жол башчы, таяна турган тоо экенине чындап ынанды. “Абам Кошой карыям, айла тапкыч олуям, өйдө турсам өбөгүм, ылдый тартсам жөлөгүм, астыга салсам ак жолум, аркамда жүрсө сан колум”- деп, Манас Ат-Башыдагы баатыр абакесине бийик баасын берип, аны менен кол кармашкан союз түзөт.

Манас калк кызыкчылыгын көздөп түзгөн, Бакай, Кошой сыяктуу көсөмдөр, Алмамбет, Чубак, Сыргак өңдүү көкжалдар башында турган өзүнүн күчтүү командасы менен кыргыз элинин чачылганын жыйнаган, үзүлгөнүн улаган жана калмак-кытайдын азуусун айга жанган империясын жеңген. Ушул кеменгерлерден жана чыгаандардан турган командасы менен Манас Түрк элдеринин аскердик конфедерациясынын башында жогорку Каган болуп турганда Орто Азиянын жана Чыгыш Түркстандын хандыктарына тыш жактан эч бир жоо катыла алган эмес жана Түрк элдери, анын ичинде кыргыз калкы эңсеген мүдөөсүнө жетип, тынчтыкта, бакыбатчылыкта күн кечирген.

Эпосто Манастын образы аркылуу калк башчысы, мамлекет жетекчиси, ажо, кан жөнүндөгү элдин идеалы берилген. Манас – бул ажонун символу. Манас кандайдыр бир айла-амал менен, дос-тамырлардан турган колдоочу кожолордун жана сүрөөнчүлөрдүн жардамы менен, жулунуп мансапка умтулгандыгы аркасында бийликке келбейт. Манас бүткүл калк алдында өзүнүн эмгеги менен көрүнүп, баатырлыгын жана кеменгерлигин далилдеп, анан кандыкка көтөрүлөт. Манасты калк чуркурап өзү кан көтөрөт. Демек, улуу эпосубуз бизге башчынын, падышанын такка келиш жолу акыйкаттын, чындыктын жана мээнеттин жолу болуш керек деген идеяны айтып турат.

“Балдар, башчысы болбой маарыбайт, Башаламан жарыбайт”,- делет “Манаста”. Калайык-калк качан маарыйт? Манастай башчы болгондо гана эмес, ошол ажонун айланасында элдин, мекендин жогорку кызыкчылыктары үчүн жуурулуша баш кошкон, бири-бирине кылдай арамдыгы жок, ниети аппак, пейили булактай таза Бакай, Кошой, Ажыбай, Каныкей, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу жол көрсөтөөр чыгаандар жана кеменгерлер турганда гана журттун иши оңолуп, ташы өйдө кулайт деген өтө баалуу, терең маанилүү ой берилип жатат. Ырасында эле, Манас ажонун сиңирген эмгеги жана көрсөтүп турган таалими ушунда: ал өз тегерегине, азыркыча айтканда, жогоркудай күчтүү команданы топтой алгандыгы үчүн кыргыз калкы кырылып, жоюлуп кетүү коркунучунан аман калып, кайрадан эл болуп биригип, өз алдынча мамлекет болуп, эңсеген мүдөөсүнө жетет. Акылмандыгы жана арстандыгы аркасында ар кай жакка чачылып кеткен кыргыздарды баш коштуруп, бириктирип, Ала-Too конушту кайра алып, “кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган” эмгеги, эрдиги үчүн биз Манас атага түбөлүк таазим кылып, ар дайым өрнөк кылып, аны менен сыймыктанып, төбөбүзгө туу кылып көтөрүүгө тийишпиз. Манас ажонун азыркы тил менен айтканда, кадр тандоодогу көрсөтүп турган мындай өрнөгү кыргыз үчүн өтө керектүү сабак. “Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болот”, “Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат”- деген макалдардагы нусканы көңүлдүн борборунда тутуу оң. “Кара өзгөй болсо калкына, калктын жетпей баркына, акимдин жайы – кара жер” деген акылман Арстанбек. Журт башчыларынын, акимдердин арасында “Абыке-Көбөш алты арамдар”, чолок акыл, кыска ойлуу мансапкорлор, өз көмөчүнө күл тарткан кара жемсөө атка минерлер, кой терисин жамынган карышкырлар, колдоонун күчү менен кожо болгондор көбөйгөндө, мамлекеттин дубалдары кулап жыгылганына тарых күбө өтүп келет. Бекеринен Кыргызстанда эки революция жасалган жок. Бүгүн кыргыз мамлекетине кадр философиясы керек. Кыргыз коому өзүн локоматив сыяктуу сүйрөй турган Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Чубак, Сыргак, Алманбет сыяктуу күчтүү инсандарга – кадрларга кардар. Мерчемдүү түйүндүү кызматтарда, башкаруу рулдарында ишкердик сапаттары, уюштуруучулук таланты, жемиштүү жаратмандык тажрыйбасы менен эл көзүнө көрүнгөн, кругозору кенен, профессионал, коомдун өнүгүүсүнүн муктаждыктарын кылдат туюп турган, татаал экономикалык, социалдык-маданий проблемаларды талдап түшүнө билген, улуттун, калктын стратегиялык кызыкчылыктарынан жана мүдөөлөрүнөн чыгып маселе чечкен, элдин энергиясын, түзүүчүлүк потенциалын керектүү нукка багыттай алган, инновациялык чыгармачылык иш-мердикке жөндөмдүү, адептик-ыймандык жүзү таза, талапчыл, принципиалдуу, Манас атабызча “үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы” деген патриот инсандар турганда мекенибиздин арышы кеңип, ташы өйдө куламак. Бүгүнкү биздин бийлик башчыларыбыз улуу мурасыбызда катылып жаткан жанагындай кадр философиясын көкүрөктөрүнө түйүп, Манас атанын башкаруучу топ түзүүдөгү өрнөгүн ээрчип, иш жүргүзүүлөрү зарыл.

Республиканын жаңы Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун: “Элди башкарам, жетекчи болом дегендер биринчи кезекте өздөрү таза болуш керек. Өзүң таза болгондо гана өзгөдөн тазалыкты талап кыла аласың”-деген олуттуу сөзү Манас Атанын духунда коюлган жаңы талап. («Кыргыз Туусу», 12.01.2018). Бул талап ишти алга жылдыруунун өбөлгөсү.

Алтынчы нуска: Достук, интернационализм – “Манастын” этикасынын жана саясаттын өзөктүү эрежеси Улуу “Манас” эпосунун мазмунунун негизинде жаткан фундаменталдык этикалык принциптердин бири – бул калк аралык достук, интернационализм принциби. Тынчтыктын, ынтымактын шарттарындагы эл аралык кол кармашкан достук алака – катыш – “Манастын” адеп-ахлак кодексинин башкы жобосу.

Бул принципти эпостун сюжетинин мисалдары менен кыска жана нуска чечмелеп түшүндүрүп өтөлү.

Дүйнөлүк акыл-эс тирмийип тиктеп, саргара ойлонуп отуруп тапкан универсал идеялардын бири – бул жарык дүйнөдөгү бардык нерселердин өз ара чырмалышкан байланышы, өз ара шартташкандыгы жана өз ара бири-бирине багынычтуулугу, дүйнөнүн бир дене сыяктуу бүтүндүгү, бирдиктүүлүгү жөнүндөгү философия. Биздин “Манасыбыздын” түпкүрүндө да ушундай фундаменталдык идея чөгүп жатат, ал идея эпосто активдүү аракетте турат. Элибизде тээ байыртадан: «Тиричиликтин күчү-бирдикте», «Тирилик түбү-бирдик», «Бирдик болбой тирдик болбойт» деген өңдүү акылман философиянын жашап келе жаткандыгы бекеринен эмес. “Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат”,- деген ой да ушул даанышмандыктын уландысы. “Манас” эпосунун түндүгүн көтөрүп турган үлкөн идеялардын бири интернационализм, достук, биримдик идеясы дал ушундай концептуалдык дүйнө таанымдан агып чыгат. Манас баатырдын кыргызды гана эмес, түркүн уруулардын жана этносторду бириктирген “Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган” ишмердиги дал ушундай философияга негизделет.

Манас дүйнөдөгү эң айкөл интернационалист каарман. Дегеле, «Манаста» адам тегине, улутуна, расасына карап эч качан бааланбайт. Манастын жандай көргөн кырк чоросунун ичинде ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү: казак да, кыпчак да, монгол да, калмак да, кытай да бар. “Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жөнү кырк башка”- делет “Манаста”. Эпостогу эр-азаматтардын достугу жана биримдиги биринчи иретте, чындык, калыстык, адилеттүүлүк, адамгерчилик, эл алдындагы ак кызмат, адал мээнет деген сыяктуу улуу адеп-ахлак дөөлөттөрүнө негизденип турат. «Манастагы» Алманбет менен Манастын достугу жөнүндө да дал ушуну айтууга болот. Маселен, Алманбет баатыр Кытай мамлекетинин атуулу, ал адилетүүлүк үчүн күрөшөм деп өзүмчүл феодалдык жетекчилердин курчоосунда калып, өз өлкөсүнөн куулуп чыгат. Алмамбет чыгыштагы феодалдык деспотиянын шарттарында чындыкты, акыйкатты, адилеттүүлүктү издөөнүн ачуу драмасын жана трагедиясын баштан кечирген каарман. «Кайыңды көрсөм көнөрмүн, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун» – дейт Алманбет. Чындык, адилеттүүлүк кай жерде болсо, ал ошол жерде. «Башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок» – деп арман кылган Алманбет, акыры издеген идеалын Ала-Тоодогу Манастын айкөл дүйнөсүнөн табат. Өз кезегинде «издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди», – деп ичинен тымызын Аккан досту көксөп жүргөн Манас, Алмамбеттен өзүнүн руханий эгизин көрүп, «алыскы ишти ойлогон, акылмандын бири экендигин» таанып, кучагын жайып кабыл алып, «кызыл найза желегим, кытайдан келген белегим» – деп аны менен ажырагыс дос болот. Эки эрдин достугу кыргыз элинин эркиндиги жана кытайдын карапайым эмгекчи элинин феодалдык деспотиядан эркин болушу жөнүндөгү боштондук идеалына негизделген.

Манас менен Алманбет көр тириликтин майда-баратынан, бытовизмден, этникалык, улуттук тосмолордон өйдө көтөрүлүп, акыл-ой маданиятынын ото бийик чокуларына коколоп чыккан каармандар. Ошол рух чокусунан бири-бири менен жуурулушкан даанышман баатырлар. Манас менен Алманбеттин достугу дүйнө элдеринин оз ара диалогу, чындыкка, акыйкатка, алысты ойлогон акылман калыстыкка негизделген эл аралык ынтымагы жана достугу, биримдиги үчүнөзүнчө бир символ.

Дагы бир жолу айталы, индивидуалдуу деңгээлде дагы, этностор аралык децгээлде дагы, эл аралык деңгээлде дагы Манас менен Алманбеттин достугу – дүйнөгө балбылдап күйгөн Шамчырак.

“Манастагы” “Көкөтөйдүн ашынын” эл аралык достук философиясы жөнүндө да айтпай кетүүгө болбойт. “Көкөтөйдүн ашы” жер үстүндөгү калктардын эл аралык форумуна окшойт. Эпостун бул маанилүү бөлүгүн 1856-жылы Ысык-Көлдө биринчи болуп белгисиз жомокчунун оозунан жазып алган чыгыштын чыгаан уулу Чокан Валихановду урмат менен эскербей коё албайбыз. Ч.Валиханов “Көкөтөйдүн ашынын” калк аралык маанисин баамдаган сыяктуу.

Айтылуу бул ашка Бүткүл Орто Азиянын, Сибир, Алтай аймагынын түркүн калктары гана эмес, алыскы Орхондон, Монголиядан, Жапандын Сыймун аралынан, Кангайдан, Кытайдан, бер жагы Чыгыш Түркстандан, тиги жагы Индостандан, Оогандан, ары жагы Крым менен Урумдан эл чакырылат. Ашка “Ар жумушка дилгирген, алтымыш түрдүү тил билген”, жайма көкүл жаш Айдар “булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн” куштай учкан Мааникер күлүктү минип, чабармандык кылат. Каркырага “кара курттай кайнаган, кумурскадай жайнаган” түмөндөгөн түркүн калк чогулат. “Кытай журту бир түркүн, кыргыз журту бир түркүн, орус журту бир түркүн, ооган журту бир түркүн, калмак журту бир түркүн, казак журту бир түркүн”- делет Манаста. Ашка үч жүз миң боз үй тигилет. Чыныгы эпикалык масштаб деп ушуну айтыш керек.

“Көкөтөйдүн ашында”: “Жамбы атуу”, “Ат чабыш”, “Балбан күрөш”, “Эр сайыш” сыяктуу спорт оюндары ойнолот. Жамбы атууга жыйырмага жакын калктын көзгө атар мергендери катышат. Ат чабышта түркүн журттардын эки миц күлүгү жарышка салынат. Кыскасын айтканда, “Манастагы” “Көкөтөйдүн ашы” бүгүнкү замандагы дүйнөлүк олимпиаданы элестетип кетет, тагыраак айтканда, азыркы спорт оюндарынын эл аралык олимпиадасынын алгачкы прообразы өңдүү. Дүйнөлүк олимпиаданын туңгуч өрнөгү эзелки кыргыз эпосунда берилген десек жаңылышпас элек.

Бирок, “Көкөтөйдүн ашынын” маани-маңызы жалгыз гана ушунда эмес. Иштин терецдеги мааниси, тынымсыз кагылыш-кармаштар, кандуу уруштар өкүм сүргөн жоокердик доордо өз жерине түркүн тилдерде сүйлөгөн алыскы-жакынкы калайык-калктарды чогултуп, а түгүл жоолашып турган душманын да (калмак-кытай) мейманга чакырып, ак дасторкондун үстүндө мамилелешүүгө, баарлашууга реалдуу түрдө кадам таштаган, түпкүлүгүндө журттар ынтымагын көздөгөн ак калпак кыргыз элинин айкөл пейлинде жана гуманисттик умтулушунда жатат. Дагы айталы, азыркы эл аралык тынчтык жыйындарынын жана Ассамблеялардын башаты илгери эле кыргыз жергесинде түптөлгөн экен. “Көкөтөйдүн ашын” уюштурган кеңешчилердин акылман тобу “ала-тоодой эт болгон, ала көлдөй чык болгон” бул аш “акыр заман журтуна” чейин адамзат балдарына “санат-нуска” болуп калсын деген улуу мүдөөнү көздөшкөн. Чындыгында эле, “Манас” дастаны “Көкөтөйдүн ашы” аркылуу (анын айрым койнунда котур ташы бар мей-мандардын айынан чыр менен аяктаганына карабастан) жер үстүндөгү элдердин биригүүсүн, тынччылыктын кырдаалында алака-мамилеге өтүү глобалдык идеясын тереңден каңкуулап тургандыгы менен жалпы адамзат балдары үчүн табылгыс сабак жана баалуу нуска. Сюжеттик өзөгү кечээки жоокердик замандын баш-аягы түгөнбөгөн катаал кагылыш-кармаштарына, кандуу казаттарына, каардуу окуяларына шыкалып турса да, “Манас” акылмандыкка чулганган эпос. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1994-жылы 5-октябрда:“Манас” эпосунун Орто Азия чөлкөмүндөгү элдерди эзелки тарыхтан бери эле бириктирүүнүн жана байланыштыруунун турмуштук негизги түйүнү экендигин, эпос адамзаттын көптөгөн идеялары менен баалуулуктарын таркатууга шарт түзөөрүн, жалпы адамзаттык мурасты байытууга, эл аралык кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чындоого кошо турган салымын зеке алуу менен, 1995-жылды кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялайт”- деп тактом чыгаргандыгын зеке түшүрөлү. БУУнун Токтомунда “Манастын” мазмундук тереңдиги жана анын нарк-дөөлөттөрүнүн жалпы адамзаттык мааниси мына ушундайча баса белгиленген.

Достук деген асыл сөз Манас үчүн эч убакта формалдуу ураан, кургак чакырык, тилучундагы кооз кеп болгон змее. Азия мейкиндиктеринде жашаган түркүн калктардын, тайпалардын чок ортосунда, Улуу Жибек Жолунун тоомунда турган Манас мамлекети үчүн достук деген нерсе реалдуу маңызга ээ ыйык түшүнүк болгон.

Интернационализм, достук дөөлөтү эч качан эскирбеген түбөлүктүү философия. Кыргыздардын библиясы (Ч. Айтматов) делип эсептелген улуу “Манастын” интернационализм, достук принциби бүгүнкү эгемендүү кырГыз мамле-кетинин түпкү пайдубалында өзөктүү стратегиялык принцип катары жатыш керек жана мекенибиздин ар бир атуулунун жана коомдук, мамлекеттик ишмеринин жүрүм-турумун ич жактан аныктаган этикалык эреже катары реалдуу түрдө жашоого тийиш.

Жетинчи нуска: Ата-Журт кызыкчылыгын кайтарган ажо же Манас атанын улуттун тагдырын, келечегин жана дүйнөнүн көйгөйлөрүн ойлонгон стратегиялык даанышмандыгы – бүгүнкү ала-тоолук жарандардын рухий милдети.

Айтылуу тарыхчы бабабыз Осмонаалы Сыдык уулу өзүнүн “Кыргыз Шабдан тарыхы” эмгегинде Кокон хандыгынын үстөмдүк доорун эскерип, минтип жазат: “Эми айтпай кетсек болбос. Сарт улуктарынын жамандыгына, зулум-дугуна тундук. Кой деп малыбыздан зекет алар эле. “Адамга да зекет бар, сулуу кыз бересиңер” деген. Мал санаганда ат баккан адамдары чыгып санаар эле. Элүү кой санаса, бир чыны чай колунда турат эле. Көк шалыдан өтүгү бар такасы  бийик, ошол өтүгү менен салынган көрпө, жаздыкты тепсеп булгаган”. Биз ошол тепселген, булганган жаздыктарга символдук маани бергибиз келип турат. Албетте, ал жаздыктар айрым кишилердин жаздыктарыдыр. Бирок, Ата журттун да өзүнүн ыйык жалпы жаздыгы болот. Ал ыйык жаздыкты эч убакта баекынчы буттар тепсөөгө тийиш эмес. Ата журттун ак жаздыгы кол тийгис. Аны улуттун алтын башы жазданып жатат. Айкөл Манастын баекынчы Алооке ханга арстандай күркүрөп айтып турган төмөнкү сөздөрү ар дайым кулагыбызга угулуп турат:

Кытайды Манас тим койду,

Кыргыздын жерин жердөөнү Алооке сага ким койду?

Калмакты Манас тим койду Атамдын жерин ээлөөнү Ант ургур сага тим койду?

Көмкөрүп салам калааңды,

Көп чукуба жарамды,

Көчүп алып тез жогол,

Көргөзбөгүн карааңды.

Манастын арстандай айбатынан корккон Алооке хан Анжияндагы ордосун таштап, түнү менен Кытайга качып жоголот. Улуттун алтын жаздыгын агрессор буттарга тепсетпөө ар бир атуулдун эң биринчи патриоттук милдети, атуулдук парзы. Ата Мекендин ак жаздыгын булганыч буттарга кордотпоо жагынан улуу Манас атабыздын өрнөгү бизге кашкайган үлгү.

Манас бала кичинекейинен эле намыской, патриот болуп чыккан. Маселен, бала Манасты туткундоо үчүн “төбө чачы сүксөйгөн, жеп ийчүдөй үксөйгөн, жан казандай башы  бар, жаткан иттей кашы бар” кыргыздын жоосу алп Жолой, дөө-шаалары менен Алтайдагы кыргызга күтпөгөн жерден каптаган селдей кирип келет. Ошондо коркконунан сакал, чачы бириндеп, тула-бою дирилдеп, Жакып чал Манаска:  “айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара, баарын тартуу кылып берели”.- дейт. Ошондо 12 жашка келип, өрт болуп күйүп турган жаш Манас атасы Жакыпка карап: “Кокуй, ата, не дейсиц, неге мынча маанай бас? Жоого, намыс бергенче, ажалым жетсе өлөйүн, малым менен жанымды, олжого кантип берейин! Катүгүн, ата, не дейсин, айманбоз берчи минейин, капкайдан келген балбанды, мен кайра Бак-Бурчун айдап кирейин!”- деп кабыландай күркүрөп, заматта жоо-жарагын шайланып, каптап келген каардуу жоону ылаачын калың таанга тийгендей качырып, өлөр-тирилерине карабай, Белек Солтоноев жазгандай, “тоодон кулаган таштай чимирилип” тийип, Жолойдун колунун таш талканын чыгарып, өзүнүн “кара көк жал шер” экенин заматта далилдеп таштайт. Ал андан ары өмүр бою ушул шердигинен жазбайт.

Манас атабыздын саясий жана патриоттук акыл-эси ар дайым сергек. Ал күнү-түнү көзүн жумбай, ак калпак элди, Ала-Тоону сак-сактап кайтарып, журт кызыкчылыгына шек кеткен жерде арстандай күркүрөп, кара күчтүн алдын тороп чыга келет.

Өзүнүн атуулдук ар намысы жана элдин ар намысы, мамлекеттин ар намысы – Манас үчүн ыйык. Маселен, “Көкөтөйдүн ашында” Нескара, Жолой, Коңурбай баш болгон калмак-кытайдын калдайлары “Мааникер күлүгүңөрдү бергиле, болбосо чаап кетебиз”- деп кыргыздарды жоолоп, коркутуп турганда, капыстан Таластан кырк чоросу менен күркүрөп ашка кирип келген шер Манас, эзелки жоонун эсирген үлкөндөрүнүн мацдайына ат ойнотуп тура калып, “оозунан түтүн буркурап, көзүнөн жалын шыркырап”, минтип турат:

Өрдөшкө жатар чагым жок,

Өлүмдөн аяр жаным жок,

Кайран жаным барында,

Кытайга тартар малым жок,

Мааникер берер чагым жок.

Ардактап ашка чакырдым,

Абийириц менен этиң же.

Алуучу калмак, сен эмес,

Алдырчу кыргыз, мен эмес,

Чабуучу кытай, сен эмес,

Чаптырчу кыргыз, мен эмес!

Манастын элинин, жеринин аброю, ар намысы үчүн баардыгына даяр экендигин, өлүмдөн кайра тартпай турган түрүн көргөндөн кийин калмак-кытайдын Нескарасы:

“Too жердеген бурутка Тоодою Манас чеп экен,

Келберсиген эр экен,

Ушу турган бурутка

Бир жаралган шер экен”,- деп ичинен күбүрөнүп, кыргыз ажосунун артыкчылыгын моюнга алып, артка кетенчиктөөгө аргасыз болот.

Манастын Каныкейдин Бакайдын Кошойдун акыл-эси, ой-жүгүртүүсү Мекен жана мен, атуул жана Ата журт, ата конуштун эркиндиги, ак калпак калктын биримдиги, адам жашоосунун маңызы, чындык, адилеттүүлүк, эл-журт алдындагы парз өңдүү орчундуу базистик түшүнүктөрдүн жана баалуулуктардын тегере-гинде ар дайым “шакардай” кайнап турат.

Айкөл Манас Чоң Казаттан кийин майданда алган жараатынан каза болгондо, Кошой моминтип көзүнөн жашын он талаа кылып, коңгурап ыйлап турат:

Манасым, кара жаак айбалта

Кайкалатпай ким аштайт?

Каңгайдан болсо чоң мүшкүл,

Алакандай журтумду

Мунун акылын таап ким баштайт?!

Долоно саптуу айбалта Толгондурбай ким саптайт?

Береги толуп жаткан журтунду,

Тозок бир келсе манжуудан

Мунун топ- тобун бузбай ким баштайт?

Карачы, кайран карт Кошой эл тагдырын ойлоп, Кудайга үнү жетип, кандай өңгүрөп, жашын төгүп турат. Мына ушул күйүттүү ыйдан жана өйдөтө сүйлөнгөндөрдөн улам мындай дейбиз. Мынакей, Кошойдун жарандык-атуулдук, патриоттук-улутмандык акыл ойломунун керемет масштабы. Мынакей, абакебиздин ой жүгүртүүсүнүн кенендиги жана тереңдиги, мынакей, интелектисинин бийиктиги. Мынакей, улуттун көйгөйү менен санааркаган улуу мекенчилдик.Калк кызыкчылыгын кайтарган стратегиялык акыл-эс. Мынакей, Кошойдун инсандык кең кулачтуулугу жана Ата журт тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна көтөргөн рухий асылдыгы! Ырасында эле, Кошой эпосто айтыл-гандай, “эл атасы” деген наамга татыктуу инсан. Ал кыргыз калкына өз үй-бүлөсүнө кам көргөн ата сыяктуу күйүп-бышып кам көрөт. Кошой-ак калпак кыргыз эли деген “үй-бүлөнүн” аксакал атасы.

Манас Бакай Кошой жалаң эле улуттун тагдыры жөнүндө эмес, жалпы эле Борбордук азия калктарынын тагдыры тууралуу санаа чегип турушат. Ала-Too мекенден баскынчы Алооке ханды сүрүп чыгаруу майданын баштаган Манаска “караңгыда көз тапкан” кеменгер Бакай: “Алты-Шаар, Маргалаң, аягы Кокон, Самаркан, кутуруп жаткан душмандан, ажыратып алалы”, -деп Чыгыш Түркстандагы жана Орто Азиядагы тили тектеш, боордош калктарды да жоодон куткаруу боюнча ой-пикирин, кеңешин айтат: Анткени кытай-калмак империясынын ханы Алооке Анжияндагы Маргалаңга ордосун куруп, аталган аймактардагы түрк-мусулман элдери-нин кактабай канын соруп турган. “Алты-Шаар, Маргалаң, темир аркан торунда, Алоокенин колунда. Койдой кырып Алооке, Коконго кордук салыптыр, алты миң жамбы, миң кундуз, ай сайын алым алыптыр, алымына чыдабай, кайранэл чуулап калыптыр”- деп айтылат “Манаста”.

Кошой болсо Манаска “Орчун Кокон, Маргалаң, аягы кептеш Самаркан, күн чыгыш жагы Алты-Шаар, сени күтүп  келет деп, күткөн мынча журтуң бар”,- деп Манастын кыргыз элинин гана эмес, жалпы Орто Азия жана чыгыш Туркстандьш эзилген боордош элдеринин да үмүтү экендигин туюндуруп, баатырга алды жакта масштабдуу милдеттер тургандыгын насыяттайт.

Ал эми Манас тереңинде өзүн жалаң эле кыргыздын эмес, боордош түрк журттарынын да кулунумун деп эсептейт. Тили, дили, дини биркалктардын баш кошкондугуна дайыма ум-тулуп, Манас алардын тагдыры үчүн да өзүн жоопкер сезет. Казак менен кыпчактын намысы – кыргыздын да намысы деп ойлойт. Ошол үчүн алардын тагдыры жөнүндө дайым башын жерге салып, акыл тегеретип, ичинен убайым жеп: “түтөгөн калмак кыргызды, түк койбой кырса нетебиз? Казакка араан салбайбы, акы-ретге Манаска, кайгысы түшүп калбайбы!”- деп баатыр тогуз толгонуп турат. Кыскасын айтканда, Манастын, Бакайдын, Кошойдун акыл-эси жана ой-жүгүртүүлөрү өзүнүн стратегиялык кенендиги менен айырмаланат. Алар дүйнөнүн көйгөйлөрү жөнүндө ойлонушат.

Манас ата алды жакты, келечекти ойлоп, са-нааркайт, коогалуу жоокердик заманда эртеңки тагдыр жөнүндө толгонуп, убайым чегет:

Менин көзүм өткөндө

Кагылайын калайык

Эл эмине болот дейм?

Тукабадай кулпурган,

Жердеген пенде туйтунган

Жер эмине болот дейм?

Каз-өрдөгүн чуулаткан,

Кол эмине болот дейм?

Тагдырым жетип дүйнөдөн

Ажалым жетип окко учеам,

Кара жаак айбалта

Кайкалатпай ким аштайт,

Калып калса бул элди,

Капа кылбай ким баштайт?!

Долоно саптуу айбалта

Толгондурбай ким аштайт,

Тоорулуп кетсем дүйнөдөн

Аркамда калган бул элди

Тоздурбастан ким баштайт?!

Бул мекендин, эл-журттун кийинки тагдыры жөнүндөгү УЛУУ САНАА. Бул сөздөр Манастын улуу патриот экенин өзүнөн өзү даңазалап турат. Ата журт жөнүндөгү бул улуу санаа бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын ар бир жараны үчүн өлбөс-өчпөс өрнөк-таалим. Президенттен тартып коомдун ар бир мүчөсүнө чейин өзүнүн Ата журту жөнүндө Манас атабыздай санааркап, тукабадай кулпурган жерим эмне болот, каз-өрдөгү чуулдаган көлүм эмне болот, мекенимдин келе-чеги кандай болот, мен жок болсом, калайык-калкымды капа кылбай ким баштайт, мамлеке-тимдин айбалтасын ким аштайт?- деп жарандык санаага батып, тогуз толгонуп, эл-жеринин ур-матына күжүрмөн аракет-мээнет менен жашай билсе, өлкөбүздүн пайдубалы канчалык бекем болор эле да, алдыга карай Ата конушубуз канчалык арыштап өсөр эле.

Мобуну эске түйүп коёлу. “Жаман айтпай, жакшы жок” – дейт эмеспи кыргызда. Көрүп турабыз, Арстанбек айткандай, жер үстү чайпалып, замана устаранын мизинде оодаралып турат го. «Түндөр жаман кырсык салып кетпесин, токтой турчу жол карайын Атажурт» – деп бекеринен Алыкул акын тынчсызданган эместир.

Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн боосунун бекем болушу үчүн эки эселеп, жүз эселеп камкордук көрүүнүн зарылдыгы бар. Ар кандай бороондорго туруштук берүү үчүн АТАЖУРТ – БОЗ ҮЙҮБҮЗДҮН БООСУН илгерки Манас атабыз өңдөнүп, көшөрүп бекем кармоого тий-ишпиз. Эгер биз Мекенибизди Манас атабызча чындап сүйсөк, Мекенибиз деп Манасча жалындап күйсөк, Ала-Тоонун азаттыгынан ажыраганча туулбай туна чөгөлү, тирүү жүрбөй өлөлү деп, башты канжыгага байлап койсок, илим-билимге канык жана күн-түн тынбаган өжөр, мээнеткеч боло билсек, анда Атажуртубуздун “ок өтпөгөн тону, ок жетпеген аты”, бузуп өтө алгыс чеби болгону ошол.

Манас Атабыз арканды узун таштап, алысты ойлонгон кеменгер болгон. Анын стратегиялык ой жүгүртүүсүнөн сабак алып, биз кийинки улуу-кичүүлөр айкөл бабабыздын логикасын улап, Ата Журтубуздун мас-штабында да, жалпы дүйнөлүк, планетардык масштабда да ой толгой билген кең-кулачтуу акыл-эске эгедер болушубуз абзел.

Советбек Байгазиев, Манастаануучу, Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: