Menu

Жогорку сот Сапар Исаковду камакта калтырды

Бөлүшүү:

Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча соттук коллегиясы Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин өзгөрттү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейинки инстанциядагы соттор “Сапар Исаков 13-августка чейин тергөө абагында болушу зарыл” деген чечим чыгарган. Ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы бул датаны 5-август деп аныктады.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Адвокаты Нурбек Токтакунов анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп Жогорку сотко арыз жазган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: