Menu

Өзбекстандык Рахмат Акилов жаза мөөнөтүн Швециядагы эң катаал абакта өтөйт

Бөлүшүү:

Стокгольмдогу теракт иши боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган өзбекстандык Рахмат Акилов жаза мөөнөтүн Кумла түрмөсүнүн өзгөчө бөлүмүндө өтөйт.

Укук коргоо органдары Акилов качып кетиши мүмкүн деп эсептегендиктен, ал Швециянын эң ишенимдүү, бекем түрмөсүнө жайгаштырылды.

Мындан тышкары анын камактагы башка адамдар менен сүйлөшүүсүнө дагы чектөөлөр киргизилет. Жергиликтүү SVT телеканалынын маалыматына караганда, мындай чечим Акилов өзүнүн көз карашы менен башкаларга таасир этиши мүмкүндүгү менен түшүндүрүлүүдө.

Июнда Стокгольм соту Акиловду беш адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: