21-июль күнү контртеррористтик иш чаралардын алкагында террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар 1971-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын жараны Ш.Ш. кармалды. Бул туралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Такталган маалыматтар боюнча, Ш.Ш. эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарында диверсиялык-согуштук жана атайын жанкечтилер курсунан даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк аскерлерине каршы куралдуу жаңжалга катышып келген.
ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргызстанга келип, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жиберилген.
Кыргыз Республикасынын МУКК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-4 беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) жана 299-1 беренесинин 3-бөлүгү (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран КР МУКК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ