Бүгүн, 24-июлда КР Жогорку сотунун соттук коллегиясы УКМКнын абагында жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Биринчи май райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун аны тергөө бүткөнчө абакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Эсиңиздерге сала кетсек, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге каршы Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун алкагында коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 18-июнда УКМК аны камакка алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ