Menu

Али Токтакунов, журналист: Чыныбай Турсунбеков эмнеге адам өмүрүн кыйган шалаакылыктары үчүн алигиче Улан Эгизбаевдин үй бүлөсүнөн, элден кечирим сурабайт?

Бөлүшүү:

Мен мындан ары кесиптешимдин өмүрүн алган “Акун” пансионатына кадам баспайм жана коопсуздук эрежелерин сактабаган пансионаттардын босогосун аттабайм.
Себеби, Акун пансионатындагы шалаакылыктар:

“..Тилекке каршы анча-мынча бир нерселер бар. Мисалы, Кыргызстанда буйкалар жок. Ал да керек да мындай коюп койгонго. Аны жасалма түр менен жанагы 5 литрликтерди алып боеп анан коесуң да, болбосо Кыргызстанда аны алып келген эч ким жок, кызыкдар болгон…” – Бул Акун пансионатынын ээси Чыныбай Турсунбековдун бүгүн “Спутник” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиргендеринин үзүндүсү. Пикиринин ушул жеринен кайдыгерликтин туу чокусун байкадым. Эмне үчүн деп башым маң:

1. Эмне үчүн чөккөн жерде жок дегенде ошондой колго жасалган (буёк, буйка) калкымалар жок?! Эмне үчүн пирстин айланасындагы көк жайык түбү тептегиз жана коопсуз болгонсуп жайдак турат? Эмне үчүн ошонун орто чениндеги адам боюн көмгөн, Улан чөккөн жер белгиленип көрсөтүлгөн эмес, калкытма коюлган эмес?! Сүзгөндү билбеген адам жөн гана басып жүрүп чулк кирип кетип атпайбы! Дагы канча адам чөгүш керек, коюш үчүн?!

2. Эмне үчүн пансионаттар калкытманы чет өлкөдөн алып келишпейт? Ал эмне лабораториябы? Эмне үчүн пансионаттар, Турсунбеков өзү айткандай, буга кызыкдар эмес?!

3. Андан тышкары Турсунбеков жазма эскертмелер түрдүү тилде жазылып илинген деди. Бирок, окуя болгондон кийин ал жерге барган биздин кесиптештер ал жерден эч кандай эскертмелерди байкабаганын айтышты.

4. Пансионаттын көп мүнөткө созулган видеобайкоосунан куткаруучу отурчу вышканын үстүндө бакылап адам отурганы көрүнбөйт. Эң маанилүү орунду таштап ал кайда кеткен?! Ордума калган деген кишиси кана?!

5. 5-6 скутерчи киши менен куткаруучу катары Акун пансионатынын келишими бар дейт, Турсунбеков. Алар кайда? Чөгүп бүткөндөн кийин толтура мүнөт өткөн соң гана бирөө (!) гана барып атпайбы?!

6. Мындагы толтура шалаакылык, кайдыгерлик үчүн эмне үчүн Чыныбай Акунович Турсунбеков – Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнөн, элден кеминде моралдык айыбым бар деп, алигиче кечирим сурап койбойт?!! Жана да бул өлүм үчүн кайсы бир кызматкерин жоопко тарткан-тартпаганын айтпайт?

Мындай шалаакылык, кайдыгерлик көрүнүштөрү башка көп пансионаттарда бар. 22-июлда Көлдө 6 (!) киши чөгүп, экөө, анын бири Улан өмүрүнөн айрылган. Бизде адам өмүрүн текейден арзан көрүп, тейлөөчүлөр ыктымал кырсыкка маани бербеген доор качан бүтөт?!

Чыныбай Турсунбеков убагында Кыргызстанда экинин бири болгон адам. Башка көп пансионат ээлери да эл башкарып жүргөндөр. Тагдырыбыз кимдердин колунда?!

Кыргызстанда жарандык биримдик, тилектештик деген кайда? Мына ушундай АДАМ үчүн кам көрбөгөн, андан-мындан үнөмдөп, акча гана табууну көздөгөн пансионаттарга барбай коюу, же барса да коопсуздукту талап кылуу чоң эмгекпи?! Чоң эркпи?!

Али Токтакунов, журналист

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: