Menu

Ротацияго жакшы, бирок….

Бөлүшүү:

Президент С. Жээнбеков Таласта эл менен болгон жолугушуусунда ротация маселесин козгогон. Мамлекет башчысы ошол демилгесин Ош облусунун жетекчилигин дайындоодон баштады окшойт. Жакында премьер-министр М. Абылгазиевдин колу менен коюлган буйрукта Ысык-Көл облусунун “губернатору” У. Жылкыбаев ушул облусту жетектемей болду? Хорошо, ротация деген негизи жакшы. Бирок, Ош облусун башкаруу деген оюнчук эмес да. Ош дубаны Кыргызстандын эң чоң облусу. Стратегиялык сапатта мүнөздөлгөн аймак. Андай жерге саясий авторитети бар, ресурстук көрөңгөсү терең, мамлекеттик масштабда иш алып бара алган адам барышы керек эле. Мезгилдин талабы да, милдети да ушундай болуш керек болчу. Ошондо жарашмак. (Узарбек учуп барганга чейин аталган облусту слесарь, жер-жемиш саткан комбинаттын сатуучусу, базардын башчысы, кийин аким болуп туруп эле килейген облустун башына чыгып кеткен дагы бир эрен башкарган. Бирок, анын кыйратып иш кылганы жалпы дубандын элине сезилген жок.)

Ал эми У. Жылкыбаевдин дайындалышы боюнча биринчиден, бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун тигинтип ЮНЕСКО баш болгон килейген эл аралык уюм колдоп жатса, ал иш чаранын башталышына бир ай калган учурда ошол иш чара өтүүчү аймактын башчысын алмаштырып салуу туура болдубу? Азбы, көппү ал жерде, ошол эл аралык деңгээлдеги иш чараны өткөрүүдө өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн да милдети, жоопкерчилиги каралса керек? Экинчиден, негизи эле, жогоруда айтып өткөндөй стратегиялык сапатта мүнөздөлгөн бул облусту таалайлуу Сарыбашевге чейин ар убакта салмактуу инсандар, республикалык деңгээлдеги саясатчылар, болчоктогу болчу премьер-министр же мамлекеттик жооптуу жогорку кызматта иштегендер жетектеп келишкен. Мисалы, Үсөн Сыдыков облус башчылыгына чейин бийликтин канчалаган тепкичтерин басып өткөн. Абдыганы Эркебаев губернатор болгонго чейин басма сөз жана маалымат министри, вице-премьер министр, ЖК депутаты, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери болгон. Жаныш Рустенбеков Биринчи Май жана Бишкек шаарынын аткаруу комитетинин жетекчиси, аким, мамлекеттик катчы, президенттик администрациянын башчысы кызматтарын аркалап барып Ош облусунун башчылыгына барган. Накен Касиев. Бу киши да губернатор болгонго чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары, министр, мамлекеттик катчы, кийин президенттик аппаратын жетектеген. Амангелди Муралиев. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, экономика жана финансы министри, Кыргыз өкмөтүнүн президиумунун төрагасы, мүлк фондусунун башчысы болуп, андан соң аталган облусту башкарган. Анан бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков. Бу киши да Ош облусун жетектегенге чейин вице-спикер, министр, эки жолку Жогорку Кеңештин депутаты болгону бар. Буларды минтип тизмектегенибиз, ротациялык чыныгы кадрдык алмашуу болуп, стратегиялык объект болгон олчойгон облустун башына татыктуу адам бардыбы? – деген суроо аргасыз жаралып жатат. Анан калса У. Жылкыбаев деле Ысык-Көлдү кыйратып жетектей алган жок. Аталган облустун башкы булагы – туризим тармагы болуп эсептелет. Бирок, айрыкча Жылкыбаев ал жакка барганы Ысык-Көл акваториясында туризм тармагы аксап, акча түшүүчү булактардын бирден-бири болгон эс алуучу жайлар баштагыдай каралбай, бир тобунун тамтыркайы чыкты. Бул чындык! Анын өмүр таржымалына үңүлүп да көрдүк. Анда: “Узарбек Жылкыбаев 1974-жылы 17-февралда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Казак мамлекеттик университетинен эл аралык мамилелер боюнча билим алган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. 1999-2001-жылдары Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы; 2001-2002-жылдары «Бишкек» арак заводунун продукцияларын сатуучу; 2002-жылы Бишкек мэриясынын адиси; 2004-2008-жылдары Бостери айылдык кеңешинин депутаты; 2005-жылдары «Инвест-Радуга» жоопкерчилиги чектелген коомунун менеджери 2005-2008-жылдары «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин маркетинг бөлүмүнүн башчысы; 2008-2012-жылдары Ысык-Көл райондук кеңештин депутаты; 2011-2013-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү; 2013-жылы «Кыргыз деңизи» санаторийинин филиалынын директору; 2015-жылы Ысык-Көл облустук Эркин күрөш федерациясынын президенти; 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган” деп жазылып турат. Эми ушундай «мол» тажырыйбасы, салмагы, саясий авторитети, ресурстук көрөңгөсү менен Ысык-Көл облусундагыдан да бир кыйла оор, жасалчу иштер өтө көп килейген Ош облусун кантип тартаар экен, бу жигит? Же эл көзүнө ротация жасалгандай түр болгону менен Узарбек узарбай эле кимдир бирөөлөрдүн «куурчагына» айландыбы?

Булак: Айгай

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: