Menu

Сокулук районунун Орок айылынын жерлери жең ичинен сатылып жатат

Бөлүшүү:

Мындан бир аз жыл мурда, тактап айтканда 2016-жылы гезитибиздин кат куржунуна Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн тургундарынын атынан келип түшкөн каттын негизинде аталган айыл өкмөтүнө караштуу Селекция, Сарбан айылдарынын тургундары менен жолугушуп,  “Мите курттай соргондор, Ороктун жерин оргондор” деген аталышта көлөмдүү макалабыз жарык көргөн  болчу. Ошондогу иликтөө учурундагы колубузга илинген фактылар дагы деле болсо өз “жемиштерин” берип жатыптыр.

Бирден-бир опурдалдуу делинген маселелердин бири болуп, Орок айыл өкмөтүнө караштуу жерлердин жең ичинен сатылып жаткандыгы.

Биздин гезитибиз  байма-бай көтөрүп  турган Орок айылындагы болуп жаткан кызуу жер сатуу маселесинин айынан Сокулук районунун акими баш болуп кызматтарынан кол жуушкан.

Ошол эле учурда кээ бир “кадыры качкан кадрлардын” айынан дагы деле  болсо аталган айыл өкмөтүндө орун алган башаламандыктар арбын экендиги бизге маалым.

Ошондой “кадрлардын” бири болуп бир нече жолу  кылмыш жообуна тартылып, соттолгон Мадалиева Мая айымды айтсак болчудай. Жооптуу катчылык кызматты төркүнүнөн көтөрө келгенсип бир топ жылдардан бери өз билген “намазын” окууда.

Орок айыл өкмөтүндө орун алган кандай гана мыйзамсыз иш-аракеттер болбосун, сороюп Мая кызыбыздын кулагы калдайып көрүнүп калып жаткандыгы жашыруун деле болбой калды окшойт. Чүй облусуна Өкмөттүн өкүлү болуп жакында бекиген Т.Абдраимов мырза ушундай “кадыры качкан кадрларга” көңүл бөлүп, тазалануу процесстерине басым жасаса, “ити чөп жээри” турган иш. Дегеле бир нече жолу сот жообуна тартылган адамдын он миңден ашуун калкы бар, район эле эмес облус боюнча чоң айыл өкмөттөрүнүн биринде ушундай жооптуу кызматты кучактап отурушу канчалыктуу мыйзамдуу?!  Учурда айтылган айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү депутаттар тарабынан  ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, жаңы башчы шайлоо даярдыктары көрүлүп жатат деп кулагыбыз чалып калды. Ат салышкандардын арасында айтылуу Мая Мадалиева кызыбыз дагы бар имиш. “Жаман катын кошокчу” демекчи, “бул атайы шайлоо алдында чыгарылган  буюрутма макала”  деген жалаадан алыс болууну көздөп, Маянын май кармаган бармактары кирип кеткен фактыларыбызды гезитибиздин эмки сандарынын биринде окурманыбыздын алдына төкпөй-чачпай жайып беребиз деген оюбуз бар. Ошол эле учурда “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, жаңы жетекчи шайлаарда жергиликтүү депутаттар, район, облус жетекчилери,  кырк кадамдуу кызыбыздын “кылыктарын” эске алат го деген ойдобуз.

Булак: “Параграф”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: