Menu

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгындагы башаламандыктарды ким тыят?

Бөлүшүү:

“Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” дегендей,   Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгындагы орун алган башаламандыктарды баяндай баштасак, өз баштарынан кечирбеген адамдардын  ишенбеси турган иш. “Иш билги” тергөөчүлөрдүн айынан ИИБ менен прокуратуранын ортосунда самсыгандардын саны күндөн күнгө  ракеталык ылдамдыкта өсүп бара жаткандыктарынан ИИБ нин башчысы же район прокурору Н.Акматова айымдын кабарлары жок десек, анда өзүбүзгө өзүбүз каратып туруп калп айтып, ошого өзүбүз ишенип алгандай болобуз.

Бир эле мисалга токтолуп көрөлү.

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы С.Рахмановдун атына Кудуратов Кенжебектен арыз келип түшөт. Бишкек ШИИБ бул арызды жеринен териштирилишин көздөп Ленин райондук ИИБнө жөнөтөт.

Анан кийин көрүп ал….

Арыз колуна тийген тергөөчү милициянын лейтенанты Каныбек уулу Сагын  же арыз ээсин, же арызда көрсөтүлгөн адамдарды сурабай туруп, 28-мартта төмөндөгүдөй токтом токуйт.

Урматтуу ИИМдин биз сыйлаган министри К.Жунушалиев мырза, Ленин районунун прокурору Н.Акматова айым жана Райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси М.Кулуев  мырза, бир тирүү жанды сурабай туруп тергөөчү Каныбек уулу Сагындын токуган токтомун, түздөбөй, алдыңыздарга жайып туруп, сиздерден кокуй эле, кокуй карапайым калктын тагдырын кимдердин колуна салып берип жатасыздар деп сурагыбыз келип жатат.

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

об отказе возбуждении уголовного дела

г. Бишкек                                                                                                                 28.03.2018г.

Следователь Следственной службы УВД Ленинского района г. Бишкек Каныбек уулу С., рассмотрев материалы зарегистрированного в КУП №1955 от 28.02.2018года,

Установил:

28.02.2018года в ГОМ-2 УВД Ленинского района г. Бишкек с заявлением обратился Т.Молдакулов, который просит принять меры в отношении гр. Бегматова Руслана в сговоре с своим близким родственником по имени Сейил  войдя в доверия и обманным путем, законного владельца квартиры заложив выше указанную квартиру в ломбард, получили денежные средства. После чего сегодняшнего дня не выходят в контакт.

Учитывая вышеизложенное, считаю целесообразным по данному факту  отказать в возбуждении уголовного дела, за отсутствием состава, поскольку в данном случае усматривается состав гражданско-правовых отношений, что следует обратиться в суд в гражданском порядке.

На основании изложенного и руководствуясь ст.28 ч.1 п2. И ст. 156-1 УПК Кыргызской республики,

ПОСТАНОВИЛ:

1.В возбуждении уголовного дела по материалу КУП №1955 от 28.02.2018г-за отсутствием  состава преступления -отказать.

2.О принятом решении уведомить заинтересованных лиц.

3.Копию настоящего постановления направить прокурору Ленинского района г. Бишкек

 Следователь Следственной службы

Лейтенант милиции                                                                            Каныбек уулу С.

 Баарынан кызыгы арыз ээси Т.Молдакулов эмес Кудуратов Кенжебек, анан дагы кызыгы арызда көрсөтүлгөн Бегматов Руслан өзү моюнуна алып, үйдүн ээсин алдап, сатып жибергендигин моюнуна алып жаткандыгында.

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурорунун жардамчысы А.Момункулованын 02.05.2018ж. токтомун уруп ойнобой, Каныбек уулу экинчи жолу кылмыш ишин козгоодон баш тартат. Прокуратуранын токтомун катардагы тергөөчү чымын чаккандай көрбөсө, андай прокурордун, дегеле прокуратуранын кереги канчалык?!

Эми сөзүбүз башынан болсун.

Биринчиден, тергөөчү токтомдо көрсөткөндөй арыз 20.02.2018ж. берилген эмес, 12.02.2018ж катталган.

Экинчиден,  аймактык тескөөчу же тергөөчү арызда көрсөтүлгөн шектүү делинген Бегматов Русланды, таппай жатабыз, деген шылтоо менен жогорудагы токтомду токуй салышкан. Ошол эле учурда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү тарабынан Бегматов Русландын баардык мекен жайы, жашаган жери, телефон номуруна чейин такталып берилип турса дагы, бир жолу сурап койгонго жараган эмес. Эки ай тергөөчүнүн сейфинде жатып, арыздануучунун өкүлүлүнүн жаагын жабыш үчүн гана, токулган токтом экендиги көрүнүп эле турат.

Бул үйдүн ээси К.Ашыров апрель окуясында каза болуп, канын төгүп, жанын берип дүйно салгандыгы жөнүндө маалыматы жок, Каныбек уулу Сагындай тергөөчүлөрдүн кылык жоруктарын кимиңер түшүндүрүп бере аласыздар, урматтуу погончон  жетекчилер?

Апрелде каза болгон К.Ашыровдун жубайы Ашырова Курбангүлдүн Бегматов Руслан анан бир тууган кайын эжеси Сейилге окшогон шылуундардын айынан үйсүз калып, кыштын какаган аязында көчөдө калып, каза болгондугуна кимиңер жооп бере аласыңар, урматтуу  погончон жетекчилер?

Милиция качан чакырар болду экен деп  үч ай күтүп, арманы ичинде кеткен Курбангүлдүн кайгылуу тагдырына ким күнөөлүү, урматтуу погончон жетекчилер?

Булак: “Параграф”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: