Menu

Кыргызстандагы аял судьялардын коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Нарын облустук сотунда болушту

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча өлкөбүздөгү улуттук программаны  турмушка ашыруу   милдеттери  жүктөлгөн  бирден-бир аткаруучу тармактардын  бири болуп эсептелет. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргызстандагы гендердик зомбулукту алдын-алуу” долбоорунун алкагында  биз атап өткөн      улуттук программаны ишке ашырууда   “Кыргызстандагы аял судьялардын ассоцациясы“ коомдук бирикмеси жакындан жардам берип келишет.

Аталган  коомдук бирикменин Зулфия Турумбекова баш болгон бир нече мүчөсү Нарын облустук сотунда болушуп, адамдарды сатуу, аялдарга жана жашы жетпегендерге карата 2014-2017-жылдары сот өндүрүшүндө каралган сот актылары менен  кеңири таанышып кетишти.

Мындай изилдөөлөр  биринчи иретте сот өндүрүшүндө гендердик теңчилдиктин нормаларынын сакталышын, сот өндүрүшүндө жабыр тарткандардын абалы,  соттолуучунун кылган кылмышына  өкүнгөнү, же өкүнбөгөнү,  судьялардын  тигил же бул чечимди кабыл алуудагы таянган  булактары сыяктуу бир катар маселелерге жооптор алынат.

Эскерте кетсек аталган коомдук бирикмеге эксперт катары мурдагы  аял судьялар тартылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: