Menu

Өзбекстанда окуучуларды сабоого айыпталган директор камакта калтырылды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда сот Самараканддагы №64 жатак мектептин мурдагы директору Шухрат Садиновдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтыруу боюнча чечим чыгарды. Ал балдарды сабоого, физикалык жана психологиялык басым көрсөтүүгө айыпталууда.

24-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы №64 жатак мектептин тарбиялануучулары зордук-зомбулук көрүп, оор жумуштарды жасап келгенин кабарлаган.

Жатак мектептеги кыйноолор тууралуу балдардын биринин апасы Мухаббат Мирзаева журналисттерге айтып берген. Андан соң Башкы прокуратура жана элдик билим берүү министрлиги окуу жайдагы абалды көзөмөлгө алышкан.

Тергөөгө чейинки текшерүүлөр учурунда жатак мектептин директору Шухрат Садинов жана башка тарбиячылар жашы жете элек үч баланы маал-маалы менен сабап, зомбулук көрсөтүшкөнү аныкталган. Агартуучулар мындай кадамын өспүрүмдөрдүн ички тартипке баш ийбегендиги менен түшүндүрүшкөн.

Текшерүүлөрдөн кийин жатак мектептин директору Шухрат Садиновго кылмыш иши козголгон.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: